Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
т.и.к. Аида Кубатова: “Февраль революциясы кыргыз, казак элдеринин тарыхындагы маанилүү окуялардан болгон”

1917-жылдагы буржуазиялык-демократиялык февраль революциясы Орусияда жашаган жана Түркстан аймагындагы кыргыз, казак элдеринин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген.

Саясий камактагылар менен бирге кыргыз элинен чыккан революционер-большевик Таабалды Жукеев (А.Пудовкин) да түрмөдөн бошотулган.

«Мурас» коомдук фондунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов бул революциянын маанисине токтолуп жатып, төмөнкүлөрдү айта кетти:

“Россияда болгон 1917-жылдын февраль айындагы революция кыргыз элинин тагдырына чоң таасир кылды. Себеби империялык Россиянын кыргыз элине кылган кыянаттыгы, элдин жерин тартып алып, зомбулук кылуу ооздуктаган. Падышалык Россия бийлик сересине жергиликтүү элдин өкүлдөрүн жолоткон эмес. Бул революция кыргыз элинин эркиндикке көтөрүлүп чыгуусун шарттаган. Февраль жана Октябрь революцияларынын 100 жылдыгын кыргыз элинин тарыхындагы ордун изилдеп коомчулукка жеткирүү биздин парз”

Тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова февраль революциясына жергиликтүү элдин тиешеси болгон эмес деген пикирлердин төгүн экенин билдирди.

“Элдин катышканы чындык. Саясий окуяларга ошол мезгилдеги кыргыз интеллигенциясы активдүү аралашкандыгын тарыхый маалыматтар далилдөөдө. Ыңкылапка салымын кошкондордун арасында Төрөкул Жанузаков, Ахматбек Койбагаров, Ишенаалы Арабаев жана башкалар болгон. Жети-Суу облусуна караштуу “Жети-Суу облустук комитети” казак комитети деп аталбастан казак-кыргыз комитети деп аталган. Ага Пишпек, Пржевальск аймактары караган. Андыктан бул окуя кыргыз эли үчүн да маанилүү болуп эсептелинет” – деди А.Кубатова.

Маалымат үчүн: Февраль революциясынын жеңгендиги тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында гана жеткен. Пишпек, Ош сыяктуу уезддик борборлордо, көмүр кендеринде, Чүй сугат тармагында ж.б. жумушчулар топтолгон жерлерде массалык митингдер, демонстрациялар болуп, аларда падыша бийлигин жоюу, сегиз сааттык жумуш күнүн киргизүү, согушту токтотуу, саясий камактагыларды бошотуу жөнүндөгү талаптар коюлган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер