Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КРнын “инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамы

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
1999-жылдын 26-ноябры

Ушул Мыйзам менен жаңы товар (кызмат көрсөтүү) же жаңы сапаттарга ээ товар (кызмат көрсөтүү) алуу максатында топтолгон жана өздөштүрүлгөн жетишкендиктерди (билимдерди, технологияларды) жүзөгө ашырууга багытталган инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана принциптери, мамлекеттик тармактык инновациялык-инвестициялык инфраструктуранын курамы, структурасы жана уюмдаштырылышы, укуктук, экономикалык жана социалдык шарттары бекемделет.

Аталган Мыйзам:

  • инновациялык иштин негизги максаттарын жана багыттарын;
  • өндүрүштү илимий-техникалык жана технологиялык кайра жабдуу, товарларды кеңири чыгаруу жана калктын керектөөлөрүн канааттандырууда мамлекеттик жана башка структуралардын инновациялык иштин өнүгүшүндөгү ролун;
  • мамлекеттик тармактык инновациялык-инвестициялык инфраструктуранын курамын, структурасын жана уюштурулушун;
  • инновациялык иштин катышуучуларын колдоонун формасын жана усулдарын;
  • чакан илимий-инновациялык иштин өнүгүшү үчүн шарттарды;
  • инновациялык ишти жүзөгө ашыруудагы экономикалык жана укуктук кепилдиктерди аныктайт.

Ушул Мыйзам инновациялык-инвестициялык ишти активдештирүү жана натыйжалуу башкаруу, илимий жетишкендиктерди жана өздөштүрүлгөн технологияларды республиканын бүткүл аймагында товар өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүүгө берүү жолу менен калктын экономикалык, экологиялык жана социалдык жашоо деңгээлин жана мамлекеттин коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

I Бөлүм. Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык чыгарылып, Кыргыз Республикасынын инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу механизмди камсыз кылуучу башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2-статья. Инновациялык иштин максаты

Инновациялык иштин максаты – илимий-техникалык жетишкендиктерди билим, технология жабдуу жана өндүрүштү уюштуруу ыкмалары түрүндө жаңы товар (кызмат көрсөтүү) же жаңы сапаттагы товар (кызмат көрсөтүү) алуу максатында өндүрүшкө натыйжалуу берүү болуп саналат.

3-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:

инновациялык иш – жаңы же рынокто жетишпеген товарларды (кызматтарды) өндүрүүнү даяр кылып бүткөрүүгө багытталган иш;

инновация (новация) – инновациялык иштин жаңы же рынокто жетишпеген же сапаты жакшыртылган товар (кызмат) түрүндөгү акыркы натыйжасы;

интеграциялануучу инновация – жетишкендиктердин (билимдердин, технологиялардын, жабдуулардын) мурда топтолгон жана дүйнөлүк практикада текшерилген оптималдуу жыйындысын (комплексин) пайдалануунун (интеграциялоонун) эсебинен алынган инновация. Интеграциялануучу инновациялар өндүрүш ишине каражаттарды баарынан натыйжалуу салуу;

базистик инновация – улам кийинки муундагы тутумдарды (товарларды, машиналарды, технологияларды, жабдууларды) түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы фундаменталдык илимий жетишкендик негиз болгон инновация. Базистик инновациялардын айырмалануучу өзгөчөлүктөрү кыйла көлөмдөгү илимий-изилдөө иштери жана тажрыйба конструктордук иштердин зарылдыгы болуп саналат. Базистик инновациялар бир катар аралаш өндүрүштөрдү кайра курууну болжолдойт, жогорулатылган старттык капиталдык салымдарга байланышкан жана узак мөөнөттүү келечекке эсептелген. Базистик инновацияларды жүзөгө ашыруучу инфраструктура академиялык институттарды, мамлекеттик илимий борборлорду жана өндүрүштүк бирикмелерди өзүнө камтыйт, башкача айтканда, каржылык-өнөр жайлык топ катары курулат;

жакшыртуучу инновация – рыноктогу тигил же бул товардын (кызматгын) мүнөздөмөлөрүн (параметрлерин) жакшыртуу максатында атайы заказ берилген илимий, технологиялык, уюштуруу же долбоорлоо иштеринин натыйжаларынын негизинде алынган инновация. Инновацияларды жакшыртуучу инфраструктура тармактык долбоорлоо-технологиялык жана изилдөө институттарына негизделет;

инноватика – инновациялык иштин усулун жана аны уюштурууну камтыган билимдер чөйрөсү;

инжиниринг – инновациялык ишмердиктин төмөнкү этаптарын: маркетинг, долбоорго чейинки изилдөө-иликтөө, техникалык-экономикалык негиздөө, долбоорду иштеп чыгуу, жабдууну комплекти менен алып келүү, персоналды даярдоо, өндүрүштү толук даярдап тапшыруу, сервистик коштоонун ишке ашырылышын камсыз кылуучу уюштуруу технологиясы;

“толук даяр кылып бүткөрүү” – жалпысынан түзүлгөн объектинин (тутумунун) иштеши үчүн аткаруучунун жоопкерчилигин болжолдоочу инновациялык долбоордун анын бардык түзүүчүлөрү менен бирдикте комплекстүү аяктоо денгээлин билгизет; мында заказчы кандайдыр бир кошумча жумуштарды жүргүзбөстөн, түзүлгөн өндүрүштү эксплуатациялоого жана өндүрүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга киришкенде акыркы натыйжага жетишилет;

инвестициялар – капиталды товар (кызмат көрсөтүү жана технологиялар) өндүрүшүн түзүүгө салуу;

инновациялык-инвестициялык процесс – инвестициялык жана инновациялык процесстерди бирдиктүү циклге жана бирдиктүү башкарууга бириктирүүчү процесс;

толук инновациялык-инвестициялык цикл – инвестицияны камсыз кылууну, маркетингди, долбоор-заказды толук даярдаганга чейин ишке ашырууну, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү реинвестицияларды иш жүзүнө ашырууну жана башка бирдиктүү компьютерлештирилген башкарууну камтыган иш-аракеттердин ырааттуулугу;

инфраструктура – проблемаларды (маселелерди) чечүү үчүн негизди камсыз кылуучу өз ара байланышкан тейлөө структураларынын (түзүүчүлөрдүн) комплекси;

инновациялык инфраструктура – инновациялык ишти тейлөөчү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу өз ара байланышкан структуралардын комплекси;

инновациялык-инвестициялык инфраструктура – инновациялык-инвестициялык процесстерди тейлөөчү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу өз ара байланышкан структуралардын комплекси;

тармак – ушул Мыйзамга ылайык республиканын бардык региондорунда түзүлүүчү мамлекеттик тармактык инновациялык-инвестициялык структура;

башкаруу – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштеп жаткан мамлекеттик илимий мекемелер жана билим берүү мекемелердин, ошондой эле тармактык министрликтердин базасында түзүлүүчү тармакты башкаруу органы.

II Бөлүм. Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери жана принциптери

4-статья. Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары

Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун максаты учурдагы экологиялык жактан таза, коопсуз, энергия жана ресурс үнөмдөөчү технологиялардын негизинде экономиканын өнүгүшү жана республиканын калкынын турмуш деңгээлин көтөрүү кызыкчылыгында атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы продукция өндүрүштөрүн тездик менен толук даярдыгын камсыз кылуучу укуктук, экономикалык, социалдык уюштуруу жана башка шарттарды түзүү болуп саналат.

5-статья. Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • республиканын өнүгүүнүн инновациялык моделине стратегиялык багытталгандыгы;
  • инновациялык иштин жана ишкердиктин активдешүүсүндө рыноктук механизмдер менен мамлекеттик жөнгө салуунун оптималдуу айкалышуусу;
  • топтолгон илимий-техникалык дараметти (потенциалды) пайдалануунун натыйжалуулугунун жогорулашы;
  • инновациялык иштин социалдык-экономикалык артыкчылыктарга, ички рыноктун керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууга, импортту алмаштырууга, дүйнөлүк рынокто жаңы бийиктиктерге чыгууга багытталышы;
  • инновациялык активдүүлүктү жөнгө салууда кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү инновациялык болжолдоону колдонуу;
  • улуттук өндүрүүчүлөрдү кредит саясаты, салык кредиттери, салыктык жана бажылык жеңилдиктер жана башка преференциялар менен колдоо;
  • инновациялык ишке, анын бардык субъектилери үчүн алардын уюмдаштыруу – укуктук формаларынын жана менчиктик түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • инвестицияларды тартуу жана технологиялардын трансфери боюнча чет элдик шериктер менен өз ара пайдалуу кызматташууга шарт түзүү жана аны колдоо;
  • инновациялык ишти башкаруунун акыркы натыйжага багытталган туюк тутумун уюштуруу;
  • интеграциялануучу (комплекстүү), жакшыртуучу жана базистик инновацияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл инфраструктураларды максаттуу өнүктүрүү;
  • коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана адептүүлүк принциптерине кайчы келген, экономикалык, экологиялык жана санитариялык-эпидемиологиялык коопсуздукка, өлкөнүн жарандарынын укуктарына жана мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына коркунуч келтирген инновацияларга тыюу салуу.

III Бөлүм. Улуттук инновациялык доктрина, анын мазмуну

6-статья. Улуттук инновациялык доктрина

Улуттук инновациялык доктрина (мындан ары – доктрина) табигый ресурстарды, республиканын кадрлык жана өнөр жайлык дараметин, калыптанган жана келечектүү эл аралык байланыштарды, калктын керектөөлөрүн, каржылоону тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандырууга негиз болуучу жетектөөчү принциптердин тутуму. Доктрина үзгүлтүксүз сыноону, түшкөн сунуштар менен пикирлерди эске алуу менен аны коомдук талкуулоону, оңдоп турууну, ошондой эле республиканын аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары менен макулдашууну талап кылат.

7-статья. Улуттук инновациялык доктринанын мазмуну

Улуттук инновациялык доктрина инновациялык иштин өнүгүшүнүн сценарийин кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке аныктоочу инновациялык болжоолорду камтыйт. Инновациялык болжоолордун негизинде улуттук инновациялык саясаттын стратегиялык артыкчылыктары аныкталат. Ал артыкчылыктар республиканын өндүрүштүк дараметинин тез өнүгүшүн камсыз кылуучу интеграциялануучу (комплекстүү) инновацияларга шарттарды биринчи кезекте түзүү үчүн мамлекеттик колдоону жана түздөн-түз же кыйыр түрдө бөлүнүүчү мамлекеттик ресурстарды топтоштурууну карайт.

8-статья. Улуттук инновациялык доктринаны калыптандыруу

Улуттук инновациялык доктринаны иштеп чыгууну инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жүзөгө ашырат.

IV Бөлүм. Улуттук инновациялык саясат

9-статья. Улуттук инновациялык саясатты жүзөгө ашыруу

Мамлекеттин улуттук инновациялык саясаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • инновация жаатында улуттук саясаттын маселелери боюнча чечимдерди даярдоого жана иш жүзүнө ашырууга жооп берүүчү борбордук Башкармасы менен мамлекеттик инновациялык-инвестициялык тармакты (мындан ары-тармак) түзүүнү;
  • тармактын башкармасы даярдаган мамлекеттик улуттук инновациялык программаларды жана өлкөнүн эл аралык инновациялык программаларга катышуусу тууралу сунуштарды бекитүүнү;
  • улуттук инновациялык иштин субъектилеринин продукциясына мамлекеттик сатып алуунун жана продукцияга мамлекеттик заказдардын артыкчылыгын;
  • тармактын башкармасынын инновациялык саясатты, макулдашылган чечимдер менен программаларды турмушка ашырууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгышын жана жүзөгө ашырышын;
  • инновациялык мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоону.

V Бөлүм. Тармактын ишинин негизги милдеттери жана багыттары

10-статья. Тармактын негизги милдеттери

Ушул мыйзамга ылайык түзүлүүчү тармак илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин товар өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүүгө натыйжалуу берүү жолу менен акыркы натыйжаны төмөндөгүдөй маселелерди чечүүнүн эсебинен камсыз кылат:

  • тармактын долбоорлорунун жетекчилерин тандоо жана даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, долбоор-заказдарды толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруунун практикалык тажрыйбаларын топтоо жана жалпылоо;
  • долбоорлордун жетекчилерин долбоор-заказды толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтар базасы (технологиялар, адистер, жабдуу, контрагенттер, жабдуу берүүчүлөр ж.б.) менен камсыз кылуучу тутумду түзүү;
  • республиканын региондорунда долбоорлордун жетекчилерине кыска мөөнөттө берилген региондо атаандаштыкка жөндөмдүү долбоор-заказдарды толук даярдыкка чейин автоматташтырылган жүзөгө ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү долбоорлорду башкаруу тутумдарын түзүү, өнүктүрүү жана көбөйтүү;
  • инновациялык жана инвестициялык функцияларды бирдиктүү башкарууга бириктирген жана ошону менен толук инновациялык-инвестициялык циклди автоматташтырылган жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн кыскартуучу инновациялык инвестициялык механизмди иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана практикалык колдонуу;
  • республиканын региондорунда бийликтин аймактык органдары менен бирдикте максаттуу багытталган инновациялык-инвестициялык саясатты жүргүзүү; жаңы жумушчу орундарын түзүү, долбоор-заказдарды атаандаштыкка жөндөмдүү толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруу менен чыгарылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу;

региондордун ишканалары менен уюмдарына сапат тутумун киргизүү:

  • түрдүү проблемаларды чечүү үчүн учурдагы жана түзүлүп жаткан инновациялык инфраструктураларды талдоо, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • өлкөнүн бардык региондорундагы калктын калың катмарынын ичинде инновациялык-инвестициялык иштин социалдык-экономикалык маанисин түшүнүүнү калыптандыруу;
  • иштери республикадагы инновациялык-инвестициялык ишти жандандырууга багытталган коомдук уюмдарды, кыймылдарды колдоо;
  • калктын каражаттарын экономика тармактарын инвестициялоого тартуу.

11-статья. Тармактын ишинин негизги багыттары

Тармак комплекстүү долбоор-заказдарды атаандаштыкка жөндөмдүү толук даярдыкка чейин аткарылышын камсыз кылат жана өтө актуалдуу болуп эсептелген багыттар боюнча төмөнкүдөй иштерге катышат:

  • иши начар ишканалардын профилактикасына жана аларды технологиялык кайра жабдууга;
  • экономикалык ишмердүүлүктүн ар түрдүү субъектилерин уюштурууга жана технологиялык жабдууга;
  • чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшүн колдоого, айрыкча чакан инновациялык ишканаларды түзүүгө;
  • ийгиликтери шайкеш аймактарды түзүү боюнча комплекстүү долбоорлорду республиканын региондору боюнча иштеп чыгууга, сыноого жана көбөйтүүгө;
  • республиканын ишканалары менен уюмдарына сапат тутумдарын киргизүүгө;
  • республиканын экспорттук дараметин көтөрүү боюнча иш-чараларга, айрыкча илимдин жетишкендиктерин көп талап кылуучу бөлүктөрүнө;
  • адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн экологиялык жана биологиялык коопсуздугун камсыз кылууга;
  • агроөнөржай комплексин өнүктүрүүгө, кайра жабдууга жана азык-түлүк проблемаларын чечүүгө;
  • ата мекендик саламаттык сактоонун илимий-техникалык өнүгүшүнө;
  • каржы жана банк тутумдарынын илимий-техникалык өнүгүшүнө;
  • республиканын билим берүү тутумунун өнүгүшүнө;
  • республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган илимий-техникалык иштеп чыгууларга жана долбоорлорго;
  • республиканын маалымат менен камсыз кылуу тутумунун өнүгүшүнө, республиканын энергетикалык, транспорттук жана телекоммуникациялык тутумдарынын өнүгүшүнө жана башкаларга.

VI Бөлүм. Инновациялык-инвестициялык инфраструктуранын уюштурулушу жана курамы

12-статья. Жетекчи. Башкаруу. Программа.

Инновация боюнча мамлекеттик кеңеш Кыргыз Республикасында инновациялык-инвестициялык ишти башкаруу жана координациялоодо жогорку орган болуп эсептелет. Кеңештин жетекчисин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кеңештин сунушу боюнча дайындайт.

Инновация боюнча тармактык инфраструктураларды негизги тармактык министрликтер башкарат жана координациялайт.

Тармактык инновациялык инфраструктуралар илим-изилдөөгө жана иштерди жайылтууга байланышкан илим-изилдөө институттары, тажрыйба-селекциялык станциялары, мамлекеттик асыл тукум заводдору жана башка ишканалардын базасында тармактык министрликтер тарабынан уюштурулат жана башкарылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетекчи аркылуу туруктуу негизде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • улуттук инновациялык доктринаны иштеп чыгууну жана жөндөөнү;
  • инновациялык жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган региондор аралык жана тармак аралык иштерди колдоону;
  • республиканын экономикасынын бардык секторлорунда инновациялык жана инвестициялык ишти колдоону;
  • тармактын ишин республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана региондордун колдоосун;
  • тармактын республиканын бардык региондорунда өнүгүшүн;
  • тармакты өркүндөтүү боюнча максаттуу өкмөттүк иш-чараларды;
  • республиканын калкынын калың катмарына тармактын ишинин натыйжаларын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтууну жана пропагандалоону;
  • ар бир эки жылда тармактын ишинин натыйжалары тууралу доклад даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылгандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберүүнү.

Тармактын башкаруу органы (мындан ары – башкарма) – мамлекеттик мекеме болуп саналат. Башкарма жөнүндөгү жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Мамлекеттик инновациялык программаны (мындан ары – программа) республиканын Өкмөтү түзөт. Программанын мамлекеттик заказчысы болуп башкарма дайындалат. Мамлекеттик инновациялык программаларды ишке ашыруучуларды тандоону тармактын башкармасы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстердин жамааттарынын сунуштарын конкурстук негизде карап чыгуу менен жүргүзөт.

Тармактын жетекчиси мамлекеттик программалардын аткарылышын, аларды аткарууда келип чыккан проблемаларды анализдөөнү жана укуктук-ченемдик актыларды, мамлекеттик саясатты жана улуттук инновациялык доктринаны жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну көзөмөлдөйт.

13-статья. Мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстер

Мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстер (мындан ары комплекстер)инновациялык-инвестициялык толук циклди ишке ашыруучу мамлекеттик мекемелер болуп саналышат жана иштеп жаткан көп профилдүү жогорку окуу жайларынын, илимий, долбоорлоо уюмдарынын базасында алардын ресурстарын инновациялык-инвестициялык структуралардын өнүгүшү үчүн максималдуу пайдалануу менен түзүлөт. Комплекстер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Вице-премьер-министр, жетекчи жана республиканын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте калыптандырылат.

Комплекстердин иши калктын экономикалык жана социалдык жыргалчылыгын көтөрүүнү түздөн-түз шарттоочу акыркы натыйжага эсептелген инновациялык-инвестициялык толук циклде атаандаштыкка жөндөмдүү ишке ашырууга багытталган (инвестициялоо; маркетинг; негиздөө; иштеп чыгуучулардын убактылуу жамаатын түзүү; топтолгон жана сынактан өткөн билимдерди, технологияларды, жабдууларды пайдалануу менен долбоорду түзүү; жабдууларды толук алып келүү; иштетүү-жөндөө; толук даяр кылып бүткөрүү; сертификаттоо, сервистик коштоо).

Тармактын ишин координациялоо үчүн ар бир комплекстин өзүнүн курамында башкарманын өкүлчүлүгү болот.

Башкарманын өкүлчүлүктөрү юридикалык тарап болуп саналышпайт, алар иши жетекчинин жана комплекстин башкы директорунун бирдиктүү буйруктары менен аныкталуучу кош башкаруудагы бөлүктөр болуп саналышат.

Комплекстин башкы директор башында турган борбордук бөлүгү көбүнчө региондогу башкы техникалык университеттин (мындан ары – университет) же инновациялык жана илимий иштин негизги ыкмаларына ээ жетишерлик сандагы жогорку квалификациялуу кадрлары, адистери жана илимпоздору, ошондой эле региондо инновациялык-инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жетишерлик санда имараты жана инфраструктурасы бар башка көп профилдүү мамлекеттик ири уюмдун базасында (инфраструктурасында) уюштурулат.

Комплекс башкарманын алдындагы сертификаттоо органы тарабынан берилүүчү сертификат алат.

Комплекс тууралу жобо жетекчи тарабынан иштелип чыгып, кеңеш менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Комплекс жетекчинин жана кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлөт.

14-статья. Инновациялык бөлүмдөр

Инновациялык бөлүмдөр (мындан ары – бөлүмдөр) комплекстер тарабынан өлкөнүн региондорунун экономикасы үчүн чоң мааниге ээ бардык уюмдарда, ишканаларда уюштурулат. Бөлүмдөр тийиштүү ишканалардын, уюмдардын ресурстарын максималдуу пайдалануу менен түзүлөт жана комплекстин региондордогу экономиканын бардык секторлору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Ар бир регион үчүн уюмдардын, ишканалардын тизмесин тийиштүү комплекстин башкы директору жергиликтүү мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары менен макулдашып аныктайт жана жөнгө салат.

Бөлүмдөрдү түзгөн уюмдар, ишканалар тармактын маалымат кызматынан акысыз пайдаланышат.

Инновациялык бөлүмдөр кош башкаруудагы бөлүктөр болуп саналышат жана аларды каржылоо тийиштүү ишкананын (уюмдун) жана комплекстин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Бөлүмдөр юридикалык жак болуп саналбайт. Алардын иши ишканалардын (уюмдардын) жетекчилеринин жана комплекстердин башкы директорлорунун биргелешкен буйруктары менен аныкталат.

VII Бөлүм. Инновациялык иштин субъекттери, алардын укуктук абалы, эмгекке акы төлөө, социалдык коргоо, эмгегин стимулдаштыруу жана субъекттердин жоопкерчилиги

15-статья. Инновациялык иштин субъекттери

Инновациялык иш процессине, башкача айтканда илимий-изилдөө боюнча иштелмелердин аякташына жана аларды өндүрүшкө киргизүүгө, ошондой эле илимий жетишкендиктерди жана технология трансферин жаңы товар (кызмат көрсөтүү) өндүрүүгө пайдаланууга түздөн-түз катышкан жеке жана юридикалык жактар инновациялык иштин субъекттери болуп саналышат.

16-статья. Инновациялык чөйрөнүн кызматкерлеринин укуктук абалы, эмгекке акы төлөө, социалдык коргоо жана эмгегин стимулдаштыруу

Инновациялык чөйрөнүн кызматкерлеринин укуктук абалы, эмгекке акы төлөө, социалдык коргоо жана эмгегин колдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тууралу”, “Илим тууралу жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарынын жана башка мыйзам актыларынын чегинде жөнгө салынат.

17-статья. Инновациялык чөйрөнүн кызматкерлеринин жоопкерчилиги

Инновациялык чөйрөнүн кызматкерлери коом жана мамлекет алдында инновациялык иштин багыты, усулдары жана ыкмалары, илимий-техникалык жана технологиялык прогресстин өнүгүшүнүн, гумандуулуктун, экологиялык коопсуздуктун жана экономиканын жакшырышынын кызыкчылыгында анын натыйжалары үчүн жооптуу болуп саналат.

Инновациялык чөйрөнүн өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарбаган кызматкери мыйзамга ылайык жооп берет.

18-статья. Алдыңкы техниканын жана жаңы технологиялардын борборлору

Алдыңкы техниканын (техника борборлору) жана жаңы технологиялардын (технология парктары) инновациялык борборлору экономиканы структуралык кайра курууга, экономика тармактарында техникалык жана технологиялык үзгүлтүктөн чыгууга мүмкүндүк берүүчү айрыкча натыйжалуу каражат болуп саналышат.

Техникалык борборлор менен технологиялык парктар биринчи кезекте депрессияга көбүрөөк дуушарлануучу жана өндүрүшүнүн төмөндөөсү тез-тез болуп туруучу аймактарда (өспөй калган аймактар) түзүлөт.

Борборлор ийне-жибине чейин иштелген, иштеп чыгууну, өндүрүүнү жөнгө салууну жана рынокко чыгууну камтыган илимий-инновациялык коммерциялык пландардын базасында түзүлөт. Борборлордун инфраструктурасы илимий лабораторияны же институтту, өндүрүштү, сертификаттоо жана маркетинг бөлүмдөрүн жана башкаларды камтышы мүмкүн.

Борборлор тармактык илимий-изилдөө институттарына баш ийишет жана алар менен бирдикте тармактын курамына кирет.

19-статья. Инновациялык ишти каржылоо

Инновациялык программалар менен долбоорлорду каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • бюджеттик ассигнованиелер;
  • бюджеттен тышкаркы атайын фондулардын каражаттары;
  • уюмдардын өздүк каражаттары;
  • коммерциялык структуралардын каржы ресурстары;
  • банк кредиттери;
  • чет өлкөлүк инвестициялар;
  • жеке жактар топтогон менчик каражаттар.

Мамлекет колдонмо мүнөздөгү илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди артыкчылык менен каржылоону ал илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер аякталгандан кийин өндүрүштө колдонулушун жетекчиликке алуу менен каржылайт.

Программаларды каржылоо кайтарымдык негизде таламдаш тараптардын үлүштөн катышуусунда ишке ашырылат.

Мамлекет инновациялык иштин менчигинин формасына карабастан ишин илим жана техника чөйрөсүндө жүргүзгөн бардык мекемелер менен уюмдарга бирдей шарттарды түзүү аркылуу коргоону жана колдоону кепилдикке алат.

20-статья. Мамлекеттик инновациялык фонд

Республикада мамлекеттик инновациялык фонд илимдин жана техниканын өнүгүшүн камсыз кылуу жана алардын жетишкендиктерин пайдалануу боюнча иш-чараларды каржылоо жана материалдык-техникалык колдоо үчүн илимий-техникалык ишти колдоого бөлгөн каражаттардын жана юридикалык менен жеке жактардын мүчөлүк акыларынын эсебинен түзүлөт.

Мамлекеттик инновациялык фонддогу мекемелер менен уюмдардын мүчөлүк акыларынын суммасы ошол фонд тууралу жобого ылайык өлчөмдө эсептелип чыгат жана продукциянын өздүк наркына кошулат.

21-статья. Инновациялык иштин маалымдуулугун камсыз кылуу

Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик тутуму төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • экономиканын бардык тармактарындагы жаңы киргизүүлөргө көз салууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана уюмдарга чечим кабыл алуу үчүн сунуштарды иштеп чыгууну;
  • илимий-техникалык, экономикалык, коммерциялык, статистикалык, сырткы экономикалык, укуктук адабияттардын жана документтердин республиканын интеллектуалдык дараметин да, дүйнөлүк жетишкендиктерди да чагылдыруучу мамлекеттик маалымат фондун түзүүнү;
  • республикадагы жана дүйнөдөгү экономиканын, илимдин жана техниканын абалын жана өнүгүү тенденцияларын изилдөө жүргүзүүнү;
  • илим менен техниканын өнүгүшүнүн артыкчылыкка ээ багыттары боюнча конференцияларды, семинарларды, кеңешмелерди, көргөзмөлөрдү уюштурууну;
  • инновациялык процесстерди башкарууну уюштуруу үчүн инновациялык иштин туруктуу мониторингин.

Технологиялар рыногун түзүү процессин, инновацияларды ишке ашырууну, алардын натыйжалуулугун жогорулатууну, илим менен өндүрүштүн ортосундагы ажырымды четтетүүнү тездетүү үчүн жүзөгө ашырылууга сунуш кылынган инновациялык долбоорлор, иштеп чыгуулардын жана өндүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтык материалдарды мезгилдүү басып чыгаруу, инновациялык продукциялардын көргөзмөлөрүн тутумдуу өткөрүп туруу каралган.

22-статья. Илимий-инновациялык чөйрөнүн субъекттеринин тышкы экономикалык иши

Инновациялык иштин катышуучулары сырткы экономикалык байланышты өнүктүрүүгө умтулушат жана аны мыйзамдык тартипте ишке ашырышат.

Тышкы экономикалык ишке технологияларды натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташуунун өзгөчө формасы башка мамлекеттерде кыргыз юридикалык жактардын катышуусу менен уюмдарды түзүү болуп саналат. Алдыңкы технологияны биргелешип пайдалануу үчүн түзүлгөн мындай уюмдар алып келген кирешеси үчүн жеңилдиктерди пайдаланышат жана жалпы валюталык балансты жакшыртат.

23-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инновациялык уюмдардын иши

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инновациялык уюмдардын жана борборлордун иши мамлекеттер ортосундагы келишимдер жана өкмөттөр аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат.

Мамлекет эл аралык инновациялык кызматташууну колдойт, зарыл укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана инновациялык иштин субъекттеринин эл аралык инновациялык борборлор менен эркин жана тең укуктуу мамилелерине, эгерде мындай мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кайчы келбесе, колдоо көрсөтөт.

24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эки айлык мөөнөттүн ичинде мыйзамдардын актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин, ушул Мыйзамдан келип чыккан өзунүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
1999-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Булак: http://patent.kg/index.php/ky/innovation/legal-acts/91-npa-innovatsii/918-kyrgyz-respublikasynyn-myjzamy-innovatsiyalyk-ish-zh-n-nd.html


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер