Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
А. С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту

А. С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2008-жылдын 7-июлунда №34 токтомунун негизинде,Түштүк бөлүмгө караштуу Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу жана Жаңы технологиялар институттарынын бириктирилүүсүнүн негизинде түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ЖБИ инстититунда 56 дан ашуун кызматкер эмгектенишет. Алардын ичинен 30 илимий кызматкер, 9 илимдин докторлору, 3 кызматкер Кыргыз Республикасынын УИАнын чыныгы мүчөсу,1 кызматкер мүчө-корреспонденти, 12 илимдин кандидаттары.

Жетекчилик: Институттун директору т.и.д. Кырыгз Республикасынын илим жана техника жаатындагы боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Арзиев Жоромамат Арзиевич.

Институттун илимий иштеринин негизги багыттары

Кыргыз Республикасынын көмүр  ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун көйгөйлөрү.

  • Кыргыз Республикасынын көмүрлөрүн байытуунун оптималдуу технологиясын иштеп чыгуу;
  • Жакшыртылган отунду алуунун жана көмүрдү термикалык жол менен кайра иштетүүнүн  (пиролиз, газ алуу) натыйжалуу технологияларын иштеп чыгуу;
  • Өндүрүлгөн көмүрдүн калдыктарын отун эмес катары пайдалануу;
  • Гуматташтырылган минералдык жана оргоно-минералдык гумин жер семирткичтерин алуу;

Рудалык эмес жана минералдык  сырьелук байлыктарды пайдалануунун инновациялык технологиялары.

  • Жергиликтүү сырьелук байлыктарды кайра иштетүү үчүн техникалык жабдууларды иштеп чыгуу;
  • Техногендик калдыктарды кайра иштетүү технологиясын иштеп чыгуу;
  • Жергиликтүү сырье байлыктардын негизинде курулуш материалдарын өндүрүү үчүн оптималдуу технологияны иштеп чыгуу;

Энергиянын традициялык эмес булактарын жана отундун алтернативдүү түрлөрүн пайдалануунун  келечектүү технологияларын иштеп чыгуу

  • Башка альтернативдүү отунду жана энергияны алуу;
  • Энергиянын традициялык эмес булактарынпайдалануу боюнча,технологияларды жана жабдууларды иштеп чыгуу

Институттун структуралык курамы

Институттун курамында илим багыты боюнча 5 илимий изилдөө лабораториясы,1 илимий-өндүрүштүк борбор жана борбордук илимий китепкана бар.Алар:

  1. “Отун байлыктары жана көмүрду кйрадан иштеп чыгуу” лабораториясы; лабораториянын жетекчиси т. и.к. Б.З.Сабиров
  2. “Көмүрдү газдаштыруу” лабораториясы; лабораториянын жетекчиси т.и.к. Р.Б.Шайдуллаев.
  3. ”Көмүр байлыктарын отун эмес катары пайдалануу” лабораториясы; лабораториянын жетекчиси т.и.д. Ж. А. Арзиев.
  4. ”Келечектүү технологиялар жана материалдар”лабораторисы; лабораториянын жетекчиси т.и.к. У. К. Абдалиев.
  5. ”Жаратылыш таштары жана техногендик сырье”лабораторисы;лабораториянын жетекчиси т.и.к. С. Н. Касымбеков.
  • “Технолог” илимий – өндүрүштүкборбору; борбордун башчысы т.и.к. С. Т. Токтоназаров.
  • Борбордук илимий китепкана

Институтта акыркы жылдарда жасалган маанилүү илимий жыйынтыктары жана инновациялык иштелмелер

Акыркы жылдарда институтта төмөнкүдөй фундаментальдык изилдөөлөр боюнча жемиштүү жыйынтыктар алынды:

  • Ичүүчү жана агын сууларды залалсыздандыруунун,тазалоонун электроинизациялык ыкмасы сунушталган.Сунушталган ыкма сууну 100% тазалайт жана залалсыздандырат ошондой эле башта колдонуп келе жаткан ыкмаларга салыштырмалуу 3 эсе арзан жана эффективдуу болуп саналат;
  • Кавитация эффектисинин негизинде сууну залалсыздандыруу жана жылуулук генераторун түзүү мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн;
  • Көмүрдүн майдасынан брикеттөө үчүн жаңы органикалык эмес бириктиргич (связующее) сунушталган.Жаңы бириктиргич башта колдонулуп келе жаткан бириктергичтерге салыштырмалуу 2-3 эсе аз сарпталат.Алынган брикеттин сапаты жогору болот;
  • Биомассаны биогазга айлантуу боюнча ачытуу процессин тездетүүчү реагент сунушталган.Сунушталган реагент ачытуу процессинде колдонулуп келе жаткан технологияларга салыштырмалуу 2 эсе тездетуүгө мүмкүндүк берет. Бул реагент баасы боюнча эң арзан болот.

Өндүрүшкө киргизүүгө даяр болгон иновациялык иштемелер

Жаратылыш байлыктары институтунда аткарылып жаткан илимий иштердин басымдуу бөлүгү практикалык-прикладтык багытта жүргүзүлөт. ЖБИ өндүрүшкө киргизүү үчун төмөнкүдөй даяр технологиялык иштемелерди сунуштайт.

  • Оргоно-минералдык гумин жер семирткичтери (ТУ 23 87-001-045 88 531-97, Кыргызстандарт). Өндүрүмдүүлүгү  5200 т/жылына. Өндүрүштү түзүү үчүн чыгым 1525 .9 мин/сом. Продукциянын өздүк наркы 1754.37 сом/тонн. Өндүрүштүн өзүн өзү актоо мөөнөтү 18 ай;
  • Өсүмдүктөрдүн өсүшүн тездетүүчү Береке гумин стимуляторлору. Өндүрүмдүүлүгү 10кг.саатына. Өндүрүштү түзүү үчүн чыгым 2621.7 мин/сом. Продукциянын сатуу баасы 80 сом/кг;
  • Гуматташтырылган минералдык жер семирткичтер. Өндүрүмдүүлүгү 7800 т.жылына. Өндүрүштүү түзүү үчүн чыгым 2539.0 мин.сом. Продукциянын сатуу баасы 10155.4 сом/тоннага. Өндүрүштүн өзүн өзү актоо мөөнөтү 11 ай;
  • ПУШР-ИПР-01 маркасындагы порошок түрүндөгү көмүр жегич реагент. Өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгү 7800 т.жылына. Өндүрүштү түзүүүчүн чыгым 2749.0 мин/сом. Продукциянын сатуу баасы 3880 сом.тонн. Өндүрүштүн өзүн актоо мөөнөтү 23 ай;
  • ГП-ИНР-01 маркасындагы топуракпорошогу. Өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгү 350 тонна жылына. Өндүрүштү түзүү үчүн чыгым 507.6 мин/сом.Продукциянын сатуу баасы 4817 сом.тонн;
  • Кесектелген көмүр (брикет). Өндүрүмдүүлүгү 3 т. саат. Өндүрүштү түзүүүчү чыгым 1500.0 мин/сом;
  • Сары-Таш кениндеги таш өндүрүү өндүрүшүнүн таштандыларынан жасалган курулуш үчүн блоктор. Өндүрүштү түзүү үчүн чыгым 700.0 мин/сом;
  • Айыл жеринде жана тоолуу райондордо жашаган элдерди автоноидуу турдо энергия менен камсыз кылуучу,альтернативдуу энергия менен камсыз уылуучу,альтернативдуу энергия булактарынын негизинде иштоочу кубаттуулугу 5 квт/саат.болгон энергоустановкалардын комплекси сунушталаган.Бир комплекстин баасы 182454 сом.

Институттун илимий-өндүрүш иштери

  • Жаратылыш байлыктары институтунда комур брикеттерини тажрыйбалык ондурушу иштеп жатат.Даяр брикеттердин тоннасы 3000 сомдон сатылууда. Бул базар баасына салыштырмалуу 1500-2000 сомго арзан.Алынган брикеттердин сапаты боюнча кардардын талабына жооп берет.
  • Суюк жер семирткия-гумин стимуляторлорунун тажрыйбалык ондурушу иштеп жатат.Даяр продукция 1 литр 50 сомдон сатылууда.Бул деген базар баасына салыштырмалуу 50-70 сомго арзан жана сапаттуу.

Байланыш маалыматтары:
Институттун дареги:723500,Кыргыз Республикасы,Ош шаары, А. Каримовкөч. 31
Тел.(03222) 2-45-32, 7-29-97, 5-94-53
Институттун директорунун м.а., корреспондент-мүчө, т.и.д. Абидов Абдыкадыр Омарович
Тел:0(3222)7-07-48, моб.0550-604-761.
Окумуштуу катчы: Абдуллаева Миргул Пазылбековна
Тел.0(3222)7-29-97, моб.0775-210-112.
е-mail: ipr09@rambler.ru

Жаны техникаларды жана технологияларды иштеп чыгууга, долборлоо-конструктордук документтерди,техника-экономикалык негиздемелерди жана тажрыйбалык үлгүлөрдү өнөр жайга жана айыл-чарбасына ишке киргизүүгөинститут ар дайым көмөктөшүүгө даяр.

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер