Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү окумуштууларынын 120 жылдыгына арналган академиялык окуулар болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары – КР УИАнын президиуму, КР Айыл чарба министрлиги, Россия Федерациясынын КРдагы элчилиги, КР Россотрудничествонун өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун өкулдөру, К.И. Скрябин атындагы КУАУ, «Манас» КТУ, ЖОЖдордун студенттери, коомчулук жана массалык маалымат каражаттары.

Академиялык окуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү окумуштуулары – академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры, илим жана техника жаатындагы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Н.И. Захарьевдин жана академик, илим жана техника жаатындагы  СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты А. А.Волкованын туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган докладдар окулду.

Академик Н.И. Захарьев өсүмдүк азыгынын химиясы тармагындагы көрүнүктүү адис болгон, өзү уюштурган өсүмдүк азыгынын химиясы лабораториясын жетектеген, 160дан ашык илимий эмгектерди жарыялаган. Н.И. Захарьев өзүнүн чоң эмгекчилдиги, ак пейилдүү берешендиги менен айырмаланып турган, жөнөкөй жана принципиалдуу болгон. Ансыз да катуу ооруп, эксперименталдык ишке жеке катыша албаса да, чоң лабораториялык топту жетектеп, кызматкерлердин изилдөөсүн пландап, макалаларын, кол жазмаларын окуп, изилдөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып жазууга күч жумшаган.

Өзүнүн эмгеги менен кеңири белгилүү болгон көрүнүктүү микробиолог Анна Александровна койлордун жугуштуу ооруларын (брадзот, некробактериоз, листериоз, сальмонеллез ж. б.) дарылоо жана алдын алуу маселелерин чечүүгө чоң салым кошкон. Ал илимге, тандап алган адистигине жанын аябаган, анын илимге болгон чыныгы сүйүүсү менен өзгөчөлөндү. Анын эң жогорку сапаты  өзгөчө тырышчаактык, максатка умтулгандык жана туруктуулук болгон.

Презентацияларда көрүнүктүү илимпоздордун ролу, ошондой эле мамлекеттин өнүгүүсүндөгү илимдин ролу чагылдырылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер