Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАсы менен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын (Жерүй алтын кени) ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын (Жерүй алтын кени) ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуунун предмети болуп өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Тараптардын ортосунда төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү саналат:

  • минералдык ресурстар жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар жана институционалдык өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
  • геология жана тоо-кен тармагында билим берүү жана коркунучтуу тоо-кен объектилерин коопсуз эксплуатациялоо жаатында тажрыйба жана билим алмашуу;
  • жер казынасын геологиялык изилдөөлөрʏ боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • пайдалуу кен чыккан жерлерге баруу менен тажрыйба жана билим алмашуу;
  • биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
  • биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде конференцияларды, форумдарды, симпозиумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
  • геологиялык жана тоо-кен тармагындагы адистердин кесиптик деңгээлин жана билим деңгээлин жогорулатуу үчүн окутуу;
  • инвестициялык коомчулук үчүн Тараптардын имиджин калыптандыруу;
  • коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
  • артыкчылыктуу инновациялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу жана түзүлгөн инновациялык технологияларды жана продукцияларды киргизүү үчүн шарттарды түзүү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер