Меню


          Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 23-майында мамлекеттик жана саясий ишмер Н. Исановдун 80 жылдыгына арналган “Эгемендүү Кыргызстан: тарых жана тагдырлар” деген аталыштагы илимий- тажрыйбалык конференция өткөрүлөт.

           Илимий-тажрыйбалык конференциянын максаты: Н. Исановдун эгемендүү Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө жана бекемделишине кошкон салымын белгилөө, Эгемен Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана маданий өзгөрүүлөр жана бул процесстердеги Н. Исановдун саясий жетекчи катары ишмердүүлүгүнө илимий баа берүү. Конференцияга окумуштуулар, саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер катышат.

            Илимий-тажрыйбалык конференция мамлекеттик жана расмий тилдеринде өткөзүлөт.

E-mail: Kubatova-aida@mail.ru; Тел. 99677399977

            Конференция өткөрүлүүчү жайы  – Бишкек ш., КР УИАнын конференц-залы, 2-кабат.

Убактысы – 2023-жылдын 23-майы, саат 10-00.


Шилтемелер