Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Эгемендүү Кыргызстан: тарых жана тагдыр” илимий-практикалык конференция

КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту,  КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, 2023-жылы 23-майда мамлекеттик жана саясий ишмер Н. Исановдун 80 жылдыгына арналган “Эгемендүү Кыргызстан: тарых жана тагдыр” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияны КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик А.А. Асанканов ачты. Андан кийин саясий жана мамлекеттик ишмер, КР баатыры М. Ш. Шеримкуловго, КР УИАнын академиги, а.-ч.и.д., проф. Ж. А. Акималиевге сөз берилди. Т.и.д., проф. Нур уулу Досбол, т.и.д., проф. З. И. Галиева, тарыхчы, жазуучу Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) илимий баяндамалары менен чыгышты. Маркум Насирдин Исановдун өмүрлүк жары Гүлзыйнат Исанова сөз сүйлөп, эскерди. Акырында конференциянын ишин аталган иш-чараны уюштурууну жетектеген т.и.к. А.Э. Кубатов жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер министри, көрүнүктүү мамлекеттик-саясий ишмер, реформатор Насирдин Исановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстан тарыхында татыктуу орун ээлерин, ошону менен бирге Эгемен кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнүн башатында турган инсандардын бири экендигин, болгону 49 жылдык кыска, бирок нуска өмүрүн толугу менен Кыргызстандын өнүгүшүнө арнаганын, шектүү жол кырсыгына күтүүсүздөн кабылышын белгилешип, анын ишмердүүлүгү чагылдырылган илимий баяндамалар жасалды.

Н.Исановдун эгемен кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө жана бекемделишине кошкон салымы белгиленип, Эгемен Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана маданий өзгөрүүлөр жана бул процесстердеги Н.Исановдун саясий жетекчи катары ишмердүүлүгүнө илимий баа берилип, конференция өзүнүн максатына жетти.

Конференциянын катышуучулары Н. Исановдун саясий ишмердүүлүгү коом таануучулар тарабынан кайра каралууга жана терең илимий изилдөөгө алынуу керектигин белгилешти.

Конференция өзүнүн илимий талкууларынын жыйынтыгы боюнча, резолюция кабыл алды.

  1. Н. Исановдун саясий ишмердүүлүгүн жана Эгемен Кыргызстандын тарыхы боюнча изилдөөлөрдү улантуу;
  2. Н. Исановдун ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири жайылтуу жана окуу куралдарына киргизүү;
  3. Аталган илимий-практикалык конференциянын катышуучуларынын материалдарынын жыйнагын, эскерүүлөрдү, архивдик документтерди жарыкка чыгаруу үчүн Кыргыз өкмөтүнөн каражат бөлүп берүүсүн сурануу;
  4. Республиканын ЖОЖдорунда Н.Исановдун ишмердүүлүгү боюнча илимий иш-чараларды өткөрүү.
  5. Н. Исановдун курулуш иштерине кошкон салымын белгилөө менен, ал эмгектенип кеткен мекемелерде, ишканаларда эскерүү иш-чараларын уюштуруу.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер