2024-жылдын 12-сентябрында саат 10-00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейинин залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун, А. Алтмышбаев атындагы философия инстутунун, Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун, М.М. Адышев атындагы геологиия институнун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин биргелешип уюштуруусунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Манас, Ак-Шумкар, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендеринин кавалери, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, геология-минерология илимдеринин доктору Апас Жумагуловдун 90 жылдык юбилейине карата илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын алдында тарых музейинин залында уюштурулган “Өрнөктүу өмүр” аттуу сүрөт көргөзмөсүнун ачылышы болду.
Илимий-практикалык конференцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, академик Ч. И. Арабаев алып барды.
Илимий-практикалык конференцияда А. Жумагуловдун эмгек жолуна арналган даректүү фильм көрсөтүлдү.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, мүчө-корреспондент, профессор, геология-минерология илимдеринин доктору К.Е. Абдрахматов, КР УИАнын академиги, профессор, геология-минерология илимдеринин доктору А.Б. Бакиров, КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, мүчө-корреспонденти профессор, тарых илимдеринин доктору А. А. Асанканов, КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясат илимдеринин доктору Т. Б. Мамытов, КР УИАнын А. Алтмышбаев атындагы Философия институнун директору, профессор, философия илимдеринин доктору Н.К. Саралаев, академик, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору А.А. Акматалиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, геология-минерология илимдеринин доктору Апас Жумагулов тууралуу кеңири баяндама жасашып, сөз сүйлөштү.
Илимий-практикалык конференция ийгиликтүү аяктап, юбилярдын иш чарасына келгендер жакшы эскерүүлөр менен тарашты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 5660