Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА… КЫРГЫЗСТАН, ВЬЕТНАМ… МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Жакында окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, мүчө-кореспондент, КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын мүчөсү Абдрахматов Канатбек Ермекович өзүнүн кеңсесинде Вьетнам Республикасынын Илим жана технология академиясынын Президенти, академик Чау Ван Мин баштаган окумуштууларды кабыл алды жана аларга Улуттук академиянын тарыхы, эмгектенген окумуштуулар, азыркы жолугушууга катышкан илимпоз-кызматкерлер, академиянын алдыга койгон максаты тууралу кеңири маалымат берди.
Илимий жолугушууга Кыргызстан тараптан окумуштуу, академик, КР УИАнын Вице-президенти Арабаев Чолпонкул Исаевич, окумуштуу, КР УИАнын Башкы илимий катчысы, мүчө-корреспондент Худайбергенова Бермет Мерлисовна, профессор, КР УИАнын Илим жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Урусова Толкун Эсеновна катышты.
Вьетнам тараптан Илим жана технология академиясынын Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, доктор Ле Квян Лин, Кадр жана инспекция маселелери боюнча уюштуруу Комитетинин жетекчисинин орун басары, профессор Нгуен Нгок Тун, Химиялык технология институтунун директору, профессор Тхи Ким Дун, Материал таануу институтунун директору, доктор Хоанг Ань Сон, Геофизика институнун директору доктор Нгуен Суан Ань келип, азыркы учурдагы илимий чөйрөдөгү абал, окмуштуулардын илимий ачылыштарынын эл аралык маааниси ж.б. маселелер жөнүндө ачык-айкын сөз козгошту.
Жолугушууда эки тарапка тең илимий-өндүрүштүк багыт боюнча пайда алып келе турган сүйлөшүүлөр болуп, келечек пландарды талкуулашты.
Илимий-кызматташтык боюнча түзүлгөн Меморандумга достук маанайдагы жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, мүчө-кореспондент Абдрахматов Канатбек Ермекович жана Вьетнам Республикасынын Илим жана технология академиясынын Президенти, академик Чау Ван Мин кол койду.
 
(КР УИАнын “Илим” Маалымат Басма Борбору”).
 
 
 

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер