2025-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Башкы корпусунун 2-кабатындагы конференция залында Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, академик, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Мамлекеттер аралык “Звезда соодружества” сыйлыгынын лауреаты, Борбордук Азиядагы аялдардын ичинен КР УИАга президент болгон, экс-президент Шарипа Жоробекованын 80 жашка толушуна байланыштуу салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Салтанатты Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов ачып, юбиляр тууралуу кыскача баяндап, академик Шарипа Жоробекованын илимий ишмердүүлүгү тууралуу тартылган даректүу кинотасмага кезек берди.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Вице-прьемер министри Э. Байсалов сөз алып Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан куттуктоо сөз сүйлөп, жакшы каалоо, тилегин билдирди.
80ден ашуун окумуштуулар жана академиктер катышкан бул юбилейлик салтанатта юбилярдын шакирти, илимпоз К. А. Кыдыралиева академик Шарипа Жоробекоавнын илимде ачкан жаңылыктарын ж.б. илимий иштерин слайд коштогон баян менен кеңири доклад жасады.
Юбилярга академиктер А. Бөрүбаев, Б. Мурзубраимов, А. Акматалиев, А. Жунушов, Р. Нургазиев, О. Ибраимов, Н. Ишекеев, М. Жуматаев куттуктоо сөз айтышып, белектерин, гүлдөрүн тапшырышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Т. К. Урусова академик Шарипа Жоробековага даректелген чет мамлекеттердеги илимдер академияларынан келген куттуктоолорду окуп берди.
Андан кийин куттуктоо сөзгө жазылышкан окумуштуулар К. Бөкөнбаев, Р. Оморов, Б.М. Касабаева жакшы каалоолорун айтышып, жалпы илим үчүн өз сунуштарын билдиришти.
Юбилярга арналган салтанттуу иш чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов жыйынтыктоо сөзү менен соңуна чыгарды
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 4427