Жыйындын алдында чогулушту алып баруучу бөлүмдүн бюросунун мүчөсү, мүчө-корреспондент А. Ч. Усупбаев юбилярларга жана татыктууларга сыйлыктарды тапшыруу күн тартибинде тургандыгын билдирип, сөздү КР УИАнын Президенти мүчө-корреспондент К. Е. Абдрахматовго берди.
Президент К. Е. Абдрахматов окумуштууларга, тактап айтканда, К. Ж. Бөкөнбаевге, Д. А. Адамбековго, Р. З. Нургазиевге, А. Р. Райымжановго, А. А. Айдаралиевге сыйлыктарды, Ардак грамоталарды тапшырды.
Жыйында химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба бөлүмүнүн бөлүмүнүн бюро башчысынын орун басары, корреспондент-мүчө К. М. Мамакеевдин ооруп калгандыгына байланыштуу мүчө-корреспондент Б. М. Дженбаев слайддын коштоосунда доклад жасады.
Академиктердин, мүчө-корреспонденттердин жыл ичинде аткарган иштери боюнча бөлүмдүн бюросунун мүчөсү, мүчө-корреспондент А. Ч. Усупбаев кыскача маалымат берди.
Жыйында КР УИАнын Президенти, мүчө-корреспондент К. Е. Абдрахматов С. Н. Жапаровдун Кыргыз Улуттук илимдер академияга келгенде айткан сын сөздөрүнөн жыйынтык чыгаруу боюнча мисалдарды келтирип, эмгек тартибин сактоо, илимий жактан изденип иштөөгө убакыт жеткендигин ачуу жана ачык айтты. Ал сөзүнүн акырында химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспондент К. Т. Шалпыков ден соолугуна байланыштуу арыз жазгандыгын айтып, анын ордуна бөлүмдүн башчылыгына академик А. Т. Жунушовду сунуш кылды жана добушка койду.
Кворум бар болгондуктан кол көтөрүү менен А. Т. Жунушов Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп шайланды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 13395