2025-жылдын 17-январында Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык бөлүмүнүн 2024-жылы жасаган иштери боюнча жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.
Жыйында бөлүмдүн төрагасы, Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Н. Ж. Жеенбаев “Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык бөлүмүнүн 2024-жылдагы илимий жана илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары” аталышында баяндама жасады.
Андан кийин Бөлүмдүн төрагасынын орун басары, профессор Н. К. Касмамытов, “Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык Бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн 2024-жылда тийиштүү тармактардагы илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары” аталышында баяндама жасады.
Чогулушка КР УИАнын Президенти, мүчө-корреспондент К. Е. Абдрахматов, Вице-президент, академик Ч. И. Арабаев катышты.
Жыйында жасалган баяндамалар боюнча талкуулар өткөрүлүп, чогулуш жылдын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.
ФИЗИКА-ТЕХНИКАЛЫК, МАТЕМАТИКАЛЫК ЖАНА ТОО-КЕН-
ГЕОЛОГИЯЛЫК ИЛИМДЕР БӨЛҮМҮНҮН 2024-жылдагы отчетунан кыскача маалымат:
КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы корреспондент мүчө Жеенбаев Н. Ж.
Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн курамында 6 институт бар. Илимий изилдөө институттарынын структурасына 46 илимий-изилдөө лаборатриялары, 3 бөлүм жана 10 борбор кирет.
КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-
геологиялык илимдер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жалпы саны 683 адамды түзөт, анын 256сы илимий кызматкерлер, алардын 67си илимдин докторлору жана 128си илимдин кандидаттары. Бөлүмдө бүгүнкү күнү КР УИАнын 9 академиги жана 12 корреспондент-мүчөсү эмгектенишет.
Илимди тейлөө жагында – 184, техперсонал – 90 адам. 35 жашка чейинки жаш окумуштуулардын үлүшү 14,25 %ти түзөт.
КР УИАнын ФТМжТКГИ Бөлүмүндө бюджеттин эсебинен каржыланган 12 фундаменталдык жана прикладдык илимий долбоорлор аткарылды. Бюджеттик каржылоонун көлөмү жалпысынан 146190,60сомду түздү.
Бюджеттен тышкары каржылоолор: чарбалык келишим боюнча 21 иш 41325,003 сомду түздү.
2024-жылы Бөлүмдүн окумуштуулары тарабынан илимий изилдөө иштеринин натыйжалары боюнча жалпысынан 367илимий иш жарыяланып, анын 127си чет элдик басылмаларда; алардын ичинде 8 монография, анын 3 чет өлкөдө жарык көргөн; 13окуу китептер, Web of Science – 3, SCOPUS – 44, РИНЦ – 139 иш жарыяланган
Бөлүмдүн институттарында 6 Диссертациялык Ке ешӊ 15 адистик боюнча иш алпарды. Отчеттук жылда 4 докторлук жана 6 кандидаттык диссертация корголду. Бөлүмдүн адистиктери боюнча аспирантурада 30 адам окуйт.
Бөлүмдүн илимий-изилдөө мекемелери тарабынан 13 эл аралык, республикалык конференция жана мектеп-семинарлар өткөрүлүп, 218 катышуу болду.
Бөлүмдүн окумуштуулары иштелмелерге 12 патент жана 14 оӊ чечим алууга жетишишти.