Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ӨЛКӨБҮЗДҮН ИЛИМИЙ КООМЧУЛУГУ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Россия табигый илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор
КАЙЫРКУЛ ТУНКАТАРОВИЧ ШАЛПЫКОВ катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты
2025-жылдын 20-январында 60 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Химия жана фитотехнология институтунун директору, Россиянын табигый илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Кайыркул Тункатарович Шалпыков катуу оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кайыркул Тункатарович Шалпыков 1964-жылдын 3-июлунда Чуй областынын “Прогресс” айылында туулган.
Ал кыргыз химия жана биология жаатындагы илимий- педагогикалык, илимий-изилдөө жана элге билим берүү ишмердүүлүгүнө 38 жылдык өмүрүн арнады.
1981-жылы айылдагы орто мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, 1981-1986-жылдары М.И. Калинин атындагы Крым айыл чарба институтунун жашылча-жемиш чарбасы жана жүзүмчүлүк факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал жерде окуп жүргөндө эле, эң мыкты окугандыгы үчүн ВЛКСМ Борбордук Комитетинин «Эң мыкты эмгеги үчүн» медалы менен эки жолу сыйланган.
1986-жылы институтту бүтүргөндөн кийин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Жиде» жүзүм совхозунда агроном-багбан болуп эмгек жолун баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору, мүчө-корреспонденти, Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн төрагалыгына чейин жетип, турмуштун татаал сыноолорунан өтүп, элибиздин алдыңкы инсандарынын сабына кошулуп келген.
Улуттук илимдин сересине чыгып, медицина илиминин доктору, профессору деген бийик наамга татыды. Мунун далили катары 220 дан ашык илимий эмгектери, жүздөгөн окуучулары жана жолдоочулары, шакирттери өлкөнүн ар кайсы илимий мекемелеринде жолун улап иштеп жүрүшөт.
Өмүрүнүн аягына чейин активдүү илимий-интеллектуалдык, окутуучулук, агартуучулук ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. К. Т. Шалпыков өз учурунда Улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө дагы өз салымын кошо алды. Ондогон эл аралык долбоорлор, фонддор менен иштеп, алар менен түзүлгөн кызматташтык келишими аркасында, 25 жылдан бери алака ийгиликтүү уланып келет.
К.Т. Шалпыков өлкө алдында өзгөчө эмгеги жогору бааланып, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасынын отличниги наамдарын алган. Россиянын Илимдер академиясынын «Теңдештердин ичинен биринчи» ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин жана «Кыргыз маркасы» мамлекеттик ишканасынын дипломдору менен сыйланган.
К. Т. Шалпыков Кыргыз Республикасынан Жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык союздун (IUCN) жалгыз мүчөсү, «Эфир майын жана дары өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана пайдалануу технологиялары» Евразиялык технологиялык платформа консорциумунун Илимий-эксперттик кеңешинин мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин мүчөсү болгон.
Кыргыз Республикасынын Химия, биология, экология, фармакология илимине чоң салымын кошкон чыгаан окумуштуу Кайыркул Шалпыковдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун туугандары жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДИУМУ

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер