2025-жылдын 28-февралында КР УИАсынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда “Кыргыз элинин этностук тарыхы, маданий мурастары жана иденттүүлүгү” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Конференция этностук тарых, маданий мурас жана иденттүүлүктүн маанилүү маселелерине, академик Абылабек Асанкановдун бул демилгелердин өнүгүшүнө кошкон илимий салымын чагылдырууга арналат. Иш-чара анын 70 жылдык мааракесине арналып, Кыргызстандын этностук тарыхын изилдөөгө, маданий мурастарды сактоого жана улуттук иденттүүлүктү калыптандырууга байланышкан көптөгөн актуалдуу темалар талкууланат. Абылабек Асанканов 1954-жылы Нарын облусунун Жаны-Арык айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин 1977-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Нарын облусунда педагогикалык ишмердүүлүгүнөн кийин Москвадагы Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы этнография жана антропология институтунун аспирантурасында окуусун улантып, аны 1983-жылы аяктаган. 1984-жылы Кыргызстанга кайтып келип КУУда иштеп, окутуучудан археология жана этнография кафедрасынын башчысына чейинки жолду басып өткөн. 1991-1992-жылдары КУУнун тарых факультетинин деканы кызматын аркалаган. КР Президентинин Администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалап, этникалык жана маданий өнүгүү маселелери менен алектенген. 2017-жылдан бери КР Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору. 2021-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
Абылабек Асанканов Кыргызстандын тарыхы, этнологиясы жана маданий мурастары боюнча көптөгөн эмгектердин автору, Борбордук Азиянын этникалык иденттүүлүгү жана маданияты жаатында көрүнүктүү изилдөөчү. Анын эмгектери Кыргызстанда чоң мааниге ээ жана өлкөдөгү этнология илиминин өнүгүшүнө маанилүү роль ойноп келет.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…