Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ФРАНЦИЯ ИЛИМПОЗДОРУ КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

Бүгүн, 21-февралда Улуттук илимдер академиясына Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фэй келип, УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов менен жолугушту.
Элчи Франциянын “Иффиак” компаниясы кыргыз окумуштуулары менен иштешип жатканын, алдыда жаңы долбоорлорду биргеликте иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, Европа окумуштуулары, анын ичинде Франция илимпоздору Кыргызстанда кайсы багытта иштешсе болооорлугун сурады.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов үч багытты сунуштады. Биринчиси – тоодо жогорку чыңалуудагы плотинаны куруу ишине Франция илимпоздорунун кеңеши керек. Анткени алар Тажикстандагы ГЭСти куруу боюнча биргеликте ийгиликтүү иштешкен. Экинчиси – Кыргызстандын климаты өтө өзгөрүлмөлүү. Бир аз өзгөрүү болсо кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүн. Андыктан климаттын өзгөрүшү боюнча француз илимпоздорунун тажрыйбасы керек. Үчүнчүсү – Ысык-Көлдүн суусунун абалы. Жылдан-жылга туристтердин агымы көбөйүүдө, пансионаттар көп курулуп жатат. Алар көлдүн суусуна кандай таасир берет? Бир жылда канча миллион адамды Ысык-Көл көтөрө алат? 3 же 5 млн адамбы? Ушуну илимий жактан аныктап чыгыш керек.
Николя Фэй бул сунуштарга макул экенин билдирип, Ысык-Көлдө курула турган “Үч чоку” лыжа базасы экологиялык коопсуздукту сакташы керектигин айтты. Андан сырткары, мал чарбачылыгы, жайыт, суу менен камсыздоо багытында француз компаниялары кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер