Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү 5-март Ак калпак күнүңүздөр менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин баалуулугун кастарлоо максатында белгиленген.
Ак калпак – кыргыз элинин маданий мурасынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн символу. Ак калпак – жөн гана баш кийим эмес, ал кылымдарды карыткан тарыхыбызды, элибиздин даңктуу салтын, маданиятыбызды чагылдырган ыйык символ. Кылымдар бою ата-бабаларыбыз ак калпакты башынан түшүрбөй ар намыстын, акыйкаттын жана эркиндиктин белгиси катары кийип келишкен.
Ак калпак Ала Тоо көрүнүшүн берет. Кышкысын жылуу, жайкысын салкын. Калпактын касиети кыргызды кылымдар бою сактап келатат. Ал дүйнө жүзүнө кыргызды таанытты.
Ак калпакты кийген ар бир кыргыз жигитине Ала Тоодой бийиктикти, тунуктукту, бакубат жашоону каалайм! Ар дайым ак калпагыбыз бийик болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!
Сиздерди урматтоом менен
КР Улуттук илимдер академиясынын президенти
Канатбек Абдрахматов

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер