Инститттун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: аймактык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр.
Геология институтунда 72 кызматкер иштейт. Алардын ичинде илимий кызматкерлер 37, илимдин докторлору 6, илимдин кандидаттары 14. Директордун м.а. Бакиров Айзек Асанбекович.
Кыргызстанда геологиялык илимди өнүктүрүү 1943-жылы башталган. Ал алгач СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын курамындагы Геология институту болуп уюштурулган. Институттун ишмердүүлүгү – жер казынасын геологиялык жактан изилдөө жана илимий негиздерин иштеп чыгуу. Биринчи кезекте минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрүнө: сымап жана күйүүчү отун, руданын башка түрлөрү, сурьма, вольфрам, алтын, темир, марганец, рудалык эмес пайдалуу кендерге илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Руданын калыптануу теориясы, байыркы тектерди изилдөө, пайда болуучу чөкмө процесстеринин катышы, структуралардын калыптануусу боюнча иштер аткарылган.
Геология илимин өнүктүрүүдө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо жетишкен ийгиликтери үчүн институт 1969-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1979-жылы Геология институтуна академик М.М.Адышевдин ысымы ыйгарылган. Ал 20 жылдан ашуун институтту жетектеген жана жер илимдери багытында өлкөдө биринчи илимий мекемени түзүүгө олуттуу салым кошкон.
Илимий лабораториялары:
– тектоника жана стратиграфия лабораториясы;
– металлогения жана кен пайда болуу лабораториясы;
– метаморфикалык жана формациялар лабораториясы;
– инженердик жана экологиялык геология лаборатоиясы.
Фундаменталдык изилдөөлөрдүн эң маанилүү натыйжасын академик Апас Бакиров берип, “Системалардын кош курамынын ажырагыс байланыш закону” илимий ачылышын жасаган. Ал Россиянын табигый илимдер академиясында катталган жана 2021-жылдын 14-февралында илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясы тарабынан тастыкталган. Апас Бакировго белгилүү орус физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Петр Капицынын “Илимий ачылыштын автору” күмүш медалы жана күбөлүгү, андан сырткары илимий ачылыш жөнүндө № 70-S диплому тапшырылган.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…