Бүгүн 16-апрелде КР Улуттук илимдер академиясына Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору, академик Иса Габиббейли келди.
Иса Габиббейли классикалык салттуу адабият таанууда бардык мезгилдеги адабиятты профессионалдык деңгээлде терең анализдей алган, дүйнө таанымы кенен белгилүү изилдөөчү. Азербайжан адабиятын өнүктүрүүдө жана коомдук пикир жаратууда анын сиңирген эмгеги өтө зор. Илимдин ишмери катары академик Иса Габиббейли чет өлкөлөрдө да белгилүү. Ал көптөгөн алыскы, жакынкы чет өлкөлөр менен азербайжан илиминде татыктуу кызматташып келет.
Азербайжан академигин КР Илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жылуу тосуп алды. “Илимдер академиясы чогуу иштеше турган көп иштер, долбоорлор бар. Биздин өлкө өнүгүүгө багыт алды. Абдан көп курулуштар жүрүп жатат. Көп багыттарды аныктап, сөздөн ишке өтө турган мезгил келди. Биз КМШ өлкөлөрүнүн Илимдер академиялары менен кызматташуу боюнча Меморандумдарды түзүп жатабыз. Кавказ өлкөлөрүнөн сиз биринчи келдиңиз. Кош келипсиз”, – деди президент.
“Биз сиздердин Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен тыгыз иштешип келдик. Чыңгыз Айтматов Азербайжанда бир канча жолу болуп, “Достук” ордени менен сыйланган. Бардык чыгармалары азербайжан тилине которулуп бүткөн. Мен өзүм дагы эки жолу жолугуп, Айтматов жөнүндө китеп жазып чыгардым. Сиздердин философия институту менен да ар кандай конференцияларды өткөрүп келдик. Бирок Илимдер академиясы менен иштеше алган жокпуз. Эми эки өлкөнүн Илимдер академиясы тыгыз иштешет деп ишенем. Түрк дүйнөсү – биздин ыйык үй-бүлөбүз. Буга мисал – Түркия-Азербайжан өлкөлөрү абдан ынтымактабыз. Бир улут, эки мамлекет деп келдик. Эми бир улут – алты мамлекет деп иштешсек жакшы болот. Бир туугандык мамиле Казакстан, Өзбекстан, Түндүк Кипрде абдан өнүктү. Европада бирдиктүү евро бар, Европарламент бар. Биз, түрк тилдүү элдер көп жагынан биригишибиз керек. Ага илим көпүрө болсун. Өлкөлөр өнүгүп баратканда илим чөйрөсү да тыгыз кызматташып, кол кабыш кылышы керек”, – деди Азербайжан Илимдер академиясынын президенти, академик Иса Габиббейли.
Жолугушуунун аягында КР Илимдер академиясы менен Азербай Илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…