2025-жылдын 18-апрелинде КР Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, КР УИАнын ардактуу академиги, саясий илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сааданбеков Жумагул Сааданбековичтин 85 жылдыгына арналган
«Ж. Сааданбеков: тарыхый өзгөрүүлөрдүн жолунда жана кайчылаш жолдорунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болот.
Каалоочуларды катышууга чакырабыз.
Сааданбеков Жумагул Сааданбекович 1940-жылы Ысык-Көл облусунун
Ак-Суу районундагы Шапак айылында туулган. 1960-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, Жети-Өгүз районунун Киров атындагы орто мектебине физика жана математика мугалими болуп кирген.
1967-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Жети-Өгүз райондук комитетине үгүт жана агитация бөлүмүнүн инструктору болуп которулган.
1969-жылдан баштап Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук институтунда кичи илимий кызматкер, андан кийин улук илимий кызматкер болуп иштеген.
1973-жылдан баштап Кыргыз ССР Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинин үгүт жана агитация бөлүмүнүн башчысы, андан соң идеология боюнча катчысы болуп иштеген. 1990-жылы Ж. Сааданбеков Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетине инспектор болуп которулган, андан кийин идеология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Кыргыз ССР Жогорку Советине эки жолу депутат болуп шайланып, билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы болгон.
1991-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик инспекциянын төрагасы болуп иштеп, экономикалык кылмыштар жана коррупция менен күрөшүү иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жетекчилик кылган. 1992-1996-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.
1998-жылдын апрель айынан тартып Ж.Сааданбеков Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ал эми 2001-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. 2010-2013-жылдары К.Дикамбаев атындагы КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору болгон.
300дөн ашуун илимий жана адабий эмгектин, анын ичинде
10 монографиянын автору. СССРдин «Ардак Белгиси» ордени жана Казакстан Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…