Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда курман болгондорду эскерип, алардын Ала-Тоо аянтындагы монумент эстелигине гүл койду. Шейит кеткендерге арналып куран да окулду. Тарых жана маданий мурастар институтунун директору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Аблабек Асанканов элдик революция күнү жөнүндөгү оюн айтып жатып, төмөндөгүлөргө токтолду: «Бул революциянын Кыргызстан үчүн мааниси ...
7.04.2017
Техника илимдеринин доктору, академик М.С.Джуматаев, техника илимдеринин доктору, профессор М.З.Алмаматов, техника илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкери А.Ж. Баялиев, инженер М.С.Байгазиев жана лаборант Д.С. Байгазиевдер биргелешип буурчак тазалоочу транспортердук түзүлүш иштеп чыгышты. Комбайнды келечекте айыл-чарбасында колдонууга өткөрүп берүү пландары бар. Азырынча түзүлүштүн конструкциясы текшерүүлөрдөн өтүүгө тийиш, иштелме 2016-жылдын аягында соңуна чыккан. ...
4.04.2017
Иса Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктар бүгүн, 31-мартта, Жалпы жылдык Сессиясынын жыйынында тапшырылды. Аталган сыйлыктар Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичке, Ниязбеков Кубат Ибрагимовичке, Саткеева Айтбүү Жантайбековнага “Ич көңдөйүнүн жана кичи ойдуңдун айкалышкан ооруларын хирургиялык дарылоо боюнча эмгектер топтому” аттуу илимий эмгеги үчүн, Медведев Михаил Анатольевичке, Мамытова Бактыгүл Миталиповнага, Тургунбаев Нурлан Айтбаевичке “Птеригиум дартынын ...
31.03.2017
УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун улук илимий кызматкери, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Батырбекова “Прогрессивдүү демилгелер фонду” уюуштурган “Акыл Тирек“ интеллектуалдык сынагынын жеңүүчүсү болду. Жыл сайын “Прогрессивдүү демилгелер фонду” тарабынан өткөрүлүп келүүчү “Акыл Тирек “ интеллектуалдык сынагы 24-мартта Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында чоң салтанат менен өттү. Сынактын максаты жаш ...
27.03.2017