Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Биймырза Токторалиев Швейцариядан келген кесиптеши, физикалык географияны жана климатты изилдөөчү (Zoï Environment Network эла аралык коммерциялык эмес уюму) Виктор Новиков менен жолукту. Анда жапайы жаратылышты коргоонун стандартына ылайык, био ар түрдүүлүктөр жайгашкан жерлерди карталаштыруу менен жаратылышты колдонууда келтирилген зыяндарды азайтуунун жолдору талкууланды. ...
23.05.2017
Илимпоз 20-май күнү узакка созулган дарттан улам 82 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун ардактуу кызматкери, техника илимдеринин доктору, башкы илимий кызматкер Владимир Замай – аталган институттун Телекоммуникациялар системасы лабораториясын көп жылдардан бери жетектеп келген. Владимир Иванович Замай – айлана-чөйрөнүн параметрлеринин мониторинги жаатындагы жаңы ...
23.05.2017
8-9-июнда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара УИАнын Дж.Алышпаев атындагы Экономика институту жана КМШ мамлекет-катышуучуларынын гуманитардык кызматташуусунун өлкөлөр аралык фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Белорусиянын, Казакстандын жана Россиянын илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынын ...
22.05.2017
УИАнын Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык багынын кызматкерлери “Музей түнү” маданий-агартуучулук иш-чарасына катышты. Көрүүчүлөр Кыргызстанда өсүп жаткан өсүмдүктөр менен жакындан таанышып, аларга жер бетиндеги жашоону сактап калууда флоранын кандай мааниге ээ экендиги түшүндүрүп берилди. Катышуучулар өсүмдүктөрдү микроскоп менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышып, айланадагы жандуу жаратылышка жаңы көз караш менен кароого чакырган ботаникалык викторинага ...
22.05.2017