Бул жолку ишембиликте дендропарктын территориясы таштандыдан тазаланды. Андан соң институттун кызматкерлери илимий изилдөөлөр үчүн маалыматтарды чогултууга өттү. “Токойдун маанисин эске алуу менен өзгөчө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу процесстердин алкагында жана дүйнө коомчулугунун токойдун функциясын изилдөөдөгү маселелерге жана кайра калыбына келтирүүгө көңүл буруп баштаганда, анын зарылчылыгын баалап илимий негиздеги токой чарбасын киргизүү ...
19.07.2017
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу М.Джуматаев Ош жана Жалал-Абад шаарларына болгон иш сапарларында УИАнын Түштүк бөлүмүнө кирген илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлери менен жолукту. Жолугушууга КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары жана аталган министрликтин Илим департаментинин директору А.Муратов, Гуманитардык жана экономика илимдери бөлүмүнүн төрагасы А.Акматалиев жана Түштүк бөлүмдүн ...
17.07.2017
Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушу болуп өттү. Чогулуш УИАнын академиктеринин жана мүчө-корреспонденттеринин катышуусу менен академиянын жаңы Уставы кабыл алынды. Сессиянын жүрүшүндө, УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жаңы Уставдын долбоору тууралуу маалымат берди. «Жаңы Уставды кабыл алуу зарылчылыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына байланыштуу ...
14.07.2017
2017-жылдын 14-июль күнү саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалпы жыйынында Улуттук илимдер академисынын жаңы Уставынын долбоору талкууланат. Жаңы Уставдын долбоору 2017-жылдын 25-майында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык иштелип чыкты. Аталган документте УИАнын милдеттери менен функциялары такталып, ошондой эле УИА президиумунун макамы ...
13.07.2017