Электронная приемная

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электронная почта
Белгилүү математик А.Керимбековдун 70 жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий конференция

19-22-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери, билим берүүнүн отличниги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Керимбековдун 70 жылдык маарекесине жана 45 жылдык илимий педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган III Эл аралык илимий конференция өтөт.

«Башкаруу теориясынын актуалдуу көйгөйлөрү, топология жана оператордук теңдемелер» деген аталыштагы конференциянын негизги максаты — Кыргызстандагы, чет элдик жана КМШ мамлекеттериндеги окумуштуулардын илимий-изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана жаш окумуштуулар, аспиранттар, жогорку курстагы студенттер менен тажрыйба бөлүшүү болуп саналат.

Иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча илимий баяндар жасалат:

1. Башкаруу теориясы жана оптимизация
2. Топология жана геометрия
3. Оператордук теңдемелер
4. Математикалык жана компьютердик моделдештирүү
5. Динамикалык системалар
6. Илимдин тарыхы жана жогорку мектептерде математика сабагын окутуунун методикасы

Конференцияны УИАнын Математика институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы математиктер коому, жана Кыргыз-Орус (Славян) университети уюштурууда. Анда УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык бөлүмүнүн төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин ректору, академик Владимир Нефадьев төрагалык кылат.

Иш-чара 19-июнда Бишкек шаарында, 20-22-июнда Чолпон-Ата шаарында өтөт.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Ученых
24
Открытий
19
Патентов