Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Токтобүбү Дыйканбаева: “Борбор Азиянын келечегине жарыгын чача турган сунуштарды күтөбүз”

 18-октябрда “Ааламдашуу шартында Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн траекториясы 2018” аталыштагы Эл аралык конференция башталды.

Конференцияга бир нече мамлекеттин окумуштуулары, экономика илими боюнча мыкты адистер катышууда.


Иш-чараны ачкан УИАнын Дж.Алышбаев атындагы институттун директору, экономика илимдеринин доктору Токтобубу Дыйканбаева Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүүсүндөгү окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр жөнүндө токтолду жана төмөнкүлөрдү айтты:

–         Бул абдан кызыктуу конференция, катышуучулар көптөгөн тармактардын көйгөйлөрүнө токтолуп, Борбор Азиянын келечегине жарыгын чача турган сунуштарды берет деп ишенем. Конкуренцияга туруштук кылаарына, кайсы мамлекеттин кайсы жол менен өнүксө өнүмү жакшы жыйынтыктарды берээрине ой калчап, биригип чечүүчү маселелер каралат.

Конференцияны уюштуруучулардын бири “Развитие” илимий изилдөөлөр Борбору Коомдук фондунун директору Жаркынай Мусаева:

–         Биз бүгүн үч тарап: Улуттук илимдер академиясы, жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) жана “Өнүгүү” илимий изилдөөлөр фонду менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Жаштардан жаңы чечимдерди, жаңы идеяларды күтөбүз. Себеби илим жана практика айкалышканда жакшы сунуштарды иштеп чыгуу майнаптуу болот. Бир гана нерсени белгилеп кетүү керек – мындай конференциялар бир жолу гана болуп, токтоп калбашы керек. Үзгүлтүккө учурабай болуп турса улам мурдагы конференция өзүнүн жасаган ишине жыйынтык чыгарып, ошого жараша келечекке кадам таштаганы жемиштүү иштерге алып келээр эле – деди.

  

УИАнын Дж.Алышбаев атындагы институтундагы Реалдуу сектордун проблемалары бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери, экономика илимдеринин кандидаты Элмира Жапарова Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өнүгүүсү, ЕАЭБге кирүүдөгү кемчиликтер жана жакшы жактары жөнүндө айтып келип, Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрүнүн берген сунушун айта кетти:

–         Алар аймактардагы ишкерлер үчүн бизнести колдой турган борбор ачууну сунуштоодо. Алар келип, өзүнүн тармагындагы инновациялык ыкмаларды өздөштүрсө, илимпоздор же жождордун окутуучулары болсо аларга мисалы мал чарбачылыгында, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө жетишкендиктерди өзүнө ылайыктап пайдаланганга же кемчиликтерден коргонгонго жардам берсе дешүүдө. Менин оюмча алардын сунушу жөндүү.

 

Ошондой эле, иш-чарада чет мамлекеттик окумуштуулар скайп аркылуу билдирүү жасашып, талкууга катышуу.

 Эскерте кетсек, иш-чаранын негизги максаты – Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүн изилдөөдө жаңы жолдорду изилдөө үчүн илим жана бизнес тармактарындагы өкүлдөрдүн башын ьиринтирүүчү жалпы аянтчаны түзүү.

 Эл аралык конференция эки күн (18-19-октябрь) уланат.

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер