Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын Уставы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-октябры № 672

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                 С.Исаков
     

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
УСТАВЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары — УИА) УИАнын илимий-изилдөө мекемелерин, УИАнын мүчөлөрүн, илимий кызматкерлерди, адистерди жана тейлөөчү персоналды бириктирген эң жогорку мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелет.

2. УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Илим жана мамлекеттин илим-техника жаатындагы саясатынын негиздери жөнүндө«, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык жүргүзөт.

3. УИА Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын укук мураскери болуп эсептелет.

4. УИАнын илимий иши фундаменталдык жана колдонмо илимдерге таандык принциптерге негизделет, ошондон улам ага саясий жана идеологиялык себептерден улам чек коюлбоого же реформа жүргүзүлбөөгө тийиш.

5. УИА юридикалык жак статусу бар коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, белгиленген үлгүдөгү бланктарга, мөөргө, штамптарга, банктардагы эсептешүү, валюталык жана башка эсептерге ээ болот жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жаңы эсептерди ачууга укуктуу.

УИАнын аталышы:

— мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы»;

— расмий тилде «Национальная академия наук Кыргызской Республики».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат.

УИАнын юридикалык дареги: 720071, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265 а.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын максаттары, негизги милдеттери жана функциялары

6. УИА төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:

— Кыргыз Республикасындагы табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында фундаменталдык жана колдонмо инновациялык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

— республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин изилдөө;

— илимий иштеп чыгуулар менен жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

— илимдин билим берүүнүн өнүгүшүнө, Кыргызстан элинин рухий маданияты менен интеллектуалдык дареметине тийгизген таасирин күчөтүү;

— социалдык-экономикалык, маданий жана башка маселелерди чечүүдө илимдин ролу менен анын тийгизген таасирин жогорулатуу;

— илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүүсү жана иш жүргүзүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү;

— УИАнын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлеринин социалдык кепилдиктеринин туруктуулугун камсыздоо.

7. УИА максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечет:

— илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо, инновациялык илимий изилдөөлөр менен иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу;

— эң маанилүү илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программалар менен инновациялык долбоорлордун илимий экспертизасын уюштуруп, аны жүргүзүүгө катышуу;

— жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлерди аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоо;

— окумуштуулар менен адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет жакка жиберүү аркылуу;

— өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүн, табиятты коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу аракеттерин илимий жактан камсыздоо;

— илимдин өнүгүшүнүн жаңы жолдордун аныктап табуу;

— ата мекендик жана дүйнөлүк илимий жетишкендиктерди турмушта пайдалануу механизмдерин жана сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;

— илимий-техникалык прогресс менен коомдун экономикалык, социалдык жана рухий өнүгүшүнүн өз ара байланышын бекемдөө;

— экологиялык, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун илимий камсыз кылуу;

— интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу;

— экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишке, техникалык чыгармачылыкка түрткү берип, өбөлгө түзүү;

— илимди, билим берүүнү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдүн биримдиги менен интеграциясын камсыз кылуу;

— илимий жана илимий-техникалык иш субъектилеринин мамлекеттин илимий-техникалык саясатын түзүүгө жана жүзөгө ашыруусуна катышуусун камсыз кылуу;

— илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илим жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн максималдуу пайдаланылышын камсыз кылуу;

— илимий-техникалык маалыматты жайылтуу жана илимий-техникалык жетишкендиктерди маалымдоонун эркиндигин камсыз кылуу.

8. Ушул Уставдын 7-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн УИА төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

— Кыргыз Республикасынын илим жана илимий-техникалык өнүгүүнү ар тараптуу божомолдоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, ошондой эле республикадагы илимдин абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө жылдык баяндама даярдоого катышуу;

— илимий-техникалык программалардын, изилдөө иштеринин келечектүү пландарынын чегинде фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

— тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык жол менен инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу;

— эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

— илимий-техникалык саясат жана прогресс маселелери боюнча, ошондой эле улуттук билим берүү системасынын илимий деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чечимдерди чыгарууга көмөктөшүү;

— мамлекеттик илимий-техникалык маалымат ресурстарын калыптандырууга катышуу;

— басмаларды уюштуруу, УИАнын илимий кызматкерлеринин илимий монографияларын, башка эмгектерин басып чыгаруу;

— илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жарыялануучу УИАнын илимий жана илимий-популярдуу журналдарын уюштуруу жана басып чыгаруу;

— УИАнын илимий китепканаларынын, музейлеринин, архивдеринин ишин камсыз кылуу;

— илимий жана илимий-техникалык жетишкендиктердин көргөзмөлөрүн уюштуруу;

— УИАнын уставдык максаттарына жетишүүгө жана маселелерин чечүүгө багытталган башка иштерди да жүргүзүү.

МБ эскертүүсу: Берилген Уставдын 8-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 8-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

9. Ушул Уставдын 8-пунктунда көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу үчүн УИА төмөнкүдөй укуктарга ээ:

— мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкаруудагы, ага өткөрүлүп берилген мүлккө ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана колдонууга;

— мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнө караштуу уюмдар менен мекемелерди түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;

— карамагындагы уюмдар менен мекемелердин уставдарын, жоболорун бекитүүгө, алардын жетекчилерин бекитүүгө (дайындоого) жана жумуштан бошотууга;

— эл аралык илимий-техникалык программаларга катышууга, өз ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар менен келишим түзүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз курамында илимий мекемелерди ачууга;

— илимий маселелерди талкуулоо жана илимий изилдөөлөрдү координациялоо үчүн илимий жыйындарды, конференцияларды жана кеңешмелерди чакырууга жана аткарууга;

— белгиленген тартипте диссертациялык кеңештерди ачууга;

— илимий эмгектер жана ойлоп табуулар үчүн УИАнын сыйлыктарын уюштурууга жана ыйгарууга;

— олуттуу илимий мааниге ээ эмгектери менен илимди байыткан жана Кыргыз Республикасынын илимин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон көрүнүктүү ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларга, ошондой эле илимий даражасы жок, бирок Кыргыз Республикасындагы илимдин, маданияттын жана экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон коомдук көрүнүктүү ишмерлерге УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгарууга;

— Кыргыз Республикасындагы илимди өнүктүрүүгө жана окумуштуулардын эл аралык илимий кызматташтыгына олуттуу салым кошкон ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларга УИА Ардактуу доктору наамын ыйгарууга;

— ведомстволук медалдар менен артыкчылык төш белгилерин уюштуруп, аларды ыйгарууга.

10. УИА жогорку квалификациялуу илимий кадрларды жана адистерди даярдоо үчүн аспирантураны жана докторантураны, анын ичинде приоритеттүү академиялык билим тармактары жана республика үчүн актуалдуу адистиктер боюнча башка илимий мекемелерди ачууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын курамы

11. УИА илимий-тармактык жана аймактык принциптер боюнча түзүлөт. УИАнын курамына УИАнын окумуштууларын илимий багыттар боюнча бириктирген бөлүмдөр: физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмү; химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарбалык илимдер бөлүмү; коомдук илимдер бөлүмү; түштүк бөлүм, илим изилдөө институттары, илимий борборлор, лабораториялар, станциялар, Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы, Саясат таануу изилдөөлөрү жана экспертизалары борбору, Борбордук илимий китепкана жана анын филиалдары, басма, архив, музейлер, долбоорлоо-өндүрүштүк уюмдар, эксперименталдык базалар, экспедициялар жана башка илимий жана илимий-көмөкчү мекемелер кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

12. УИА ЖОЖдор, илимий-изилдөө уюмдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, физикалык жана юридикалык жактар, илимий жана илимий-техникалык коомдор менен кызматташтыктын ар кандай формаларын колдонот.

13. Эгерде ал фундаменталдык жана колдонмо илимдердин интеграциясына, өндүрүштүн техникалык жана технологиялык жактан кайра жабдыланышына, экономиканын өсүшүнө, социалдык өнүгүүгө, жалпы илимди колдоого көмөктөшсө, УИА өз курамына академиялык системага кирбеген, ар кандай менчик жана ведомстволук формадагы илимий институттарды, долбоорлоо-чалгындоо жана долбоорлоо-конструктордук уюмдарды, өндүрүштүк ишканаларды, окуу жайларын ассоциацияланган мүчө катары кошуп алууга укуктуу.

УИА өзүнүн ассоциацияланган түзүлүштөрүн келишимдик негизде кадрлар менен камсыз кылып, алардын кызматкерлерин илимий ишке жана стажировкага тартып, аларга өзүндөгү материалдык-техникалык базаны, маалыматтарды жана китепкана фондун пайдаланууга берип, эмгектерин чыгарып, аспирантурага жана докторантурага окууга алат.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү

14. УИАнын мүчөлөрү болуп анык мүчөлөр (академиктер), корреспондент-мүчөлөр жана УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү эсептелет. УИАга мүчөлөр өмүр бою шайланышат.

15. УИАнын анык мүчөлүгүнө (академиктигине) өзүнүн илимий мектеби бар, илимий-изилдөө иши менен кесиптик негизде иш жүргүзгөн, көрүнүктүү илимий эмгектери илимди байыткан Кыргыз Республикасынын жараны, УИАнын корреспондент-мүчөлөрү шайланат.

16. УИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө илимдердин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор наамы бар, Кыргыз Республикасынын жараны болгон, илимий-изилдөө иши менен кесиптик негизде иштеген, ири илимий эмгектери менен илимди байыткан окумуштуулар шайланат.

17. УИА чет өлкөлүк УИАнын мүчөлөрүн шайлай алат. Жаңы шайланган чет өлкөлүк мүчөлөр, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары биротоло кеткен УИАнын мүчөлөрү УИАнын калган мүчөлөрү менен бирдей укуктарга ээ, болгону алар УИАнын жетектөөчү кызмат ордун ээлей алышпайт жана академиялык наамы үчүн акы алышпайт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда УИАнын мүчөсү чет өлкөлүк мүчө статусун алат.

18. УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү болуп дүйнөлүк илимий коомчулукка таанылган жана Кыргыз Республикасындагы илимдин өнүгүшүнө зор салым кошкон чет өлкөлүк окумуштуулар шайланат. Чет өлкөлүк мүчөлөрдү шайлоо УИА тарабынан жүргүзүлөт.

19. УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо тартиби

20. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Уставга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдаштыкта өткөрүлөт. Шайлоо өткөрүү тартиби ушул Устав жана УИАнын президиуму тарабынан бекитилген УИАнын мүчөлөрүн шайлоо жобосу менен аныкталат.

Шайлоо өткөрүү убактысын, адистиктердин аталыштары менен ар бир адистик боюнча бош орундардын санын УИАнын президиуму белгилейт. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо төрт жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт.

21. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо УИАнын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт.

22. УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерди) шайлоодо, шайлоого катышкан УИАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктердин) үчтөн экисинен кем эмес добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.

УИАнын корреспондент-мүчөлөрүн шайлоодо, шайлоого катышкан УИАнын анык мүчөлөрү (академиктер) менен корреспондент-мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

23. УИАнын мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:

— президиум тарабынан өздөрү жетекчилик кылган жана жеке жүргүзүп жаткан илимий изилдөөлөр үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү талап кылууга;

— УИАнын президиумунун жана бөлүмдөр бюросунун кароосуна илимий жана илимий-уюштуруучулук маселелерди коюуга;

— кол алдындагы бөлүмдөгү лаборатория башка бөлүмгө караштуу илимий мекемеге өткөрүлгөн учурда өздөрү да ошол бөлүмгө өтүүгө;

— бөлүмдөр бюросунун, УИАнын президиумунун курамына, илимий мекеме жетекчилигине шайланууга;

— УИАнын илимий бөлүм башчыларынын, илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарын ээлөөгө;

— УИАнын жалпы чогулуштарынын ишине катышууга;

— өз илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын УИАнын басмасы аркылуу басып чыгарууга;

— өз илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын баяндама жасоо, адистештирилген курстарды окуу жана илимий дискуссияга катышуу түрүндө көргөзүүгө;

— УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан ыктыярдуу баш тартууга жана анын курамынан чыгууга.

24. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

— УИАга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө активдүү катышууга;

— жеке изилдөө жүргүзүү жана илимий маселелерди биргелешип иштеп чыгуу ишин уюштуруу аркылуу илим менен техниканы жаңы илимий натыйжалар жана ачылыштар менен байытууга;

— илимий кадрларды даярдап, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө жана УИАнын президиумунун жана тийиштүү бөлүмдүн тапшырмаларын аткарууга;

— УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАга тийиштүү бөлүмүнүн жалпы чогулушунун ишине катышууга;

— УИАнын тийиштүү бөлүмдөрүнө өз иши жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө.

25. УИАнын Түштүк бөлүмүнөн шайланган мүчөлөрү шайлангандан кийинки 5 жыл бою түштүк аймакта жайгашкан УИАнын илимий мекемесинде же жогорку окуу жайында иштөөгө милдеттүү. УИАнын мүчөсү өз ыктыяры менен Түштүк бөлүмдөгү жумушунан мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда ага академиялык наам үчүн акы төлөнбөйт.

26. 75 жаш куракка чыккан УИАнын корреспондент-мүчөлөрү менен илимдин докторлоруна УИАнын мүчөлөрүн (анык мүчөлөрүн жана корреспондент-мүчөлөрүн) шайлоодо талапкер болушуна жол берилбейт.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушу

27. УИАнын жогорку башкаруу органы болуп УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), корреспондент-мүчөлөрүнөн, илимий бөлүмдөрдүн жетекчилеринен жана алдыңкы окумуштууларынан турган жалпы чогулуш эсептелет.

28. УИАнын жалпы чогулушунун жыйыны зарылчылыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат. УИАнын жалпы чогулушунун жыйыны УИАнын тизме курамындагы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин кат түрүндөгү талабы боюнча же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн.

29. УИАнын жалпы чогулушу:

— УИАнын Уставын кабыл алат жана ага өзгөртүүлөрдү киргизет;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимдин өнүгүү артыкчылыктарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;

— УИАнын кийинки финансылык жылга каржылоо планынын базалык бюджеттик багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт;

— УИАнын президиумунун, бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, УИАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана корреспондент-мүчөлөрүнүн отчетторун угат жана бекитет;

— УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин), корреспондент-мүчөлөрүн, чет өлкөлүк мүчөлөрүн шайлайт;

— УИАнын президентин, вице-президентин, башкы окумуштуу катчысын жана президиумдун мүчөлөрүн шайлайт;

— илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.

30. УИАнын жалпы чогулушу УИАнын президиумунун жалпы курамын же айрым мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошото алат. Бул маселе боюнча чечим шайлоого катышкан УИАнын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин жашыруун добуш берүүсү аркылуу кабыл алынат.

31. УИА жалпы чогулушунда талкуулануучу маселелер УИАнын президиумуна кат түрүндө УИАнын мүчөлөрү тарабынан, илимий мекеменин, УИАнын бөлүмүнүн чечими боюнча киргизилет. Киргизилген сунуштарды эске алып, президиум УИАнын жалпы чогулушунун жыйынына күн тартибин түзөт.

32. УИАнын жалпы чогулушунда бардык маселелерди чечүүдө, УИАнын шайлоо жөнүндөгү жобосунда каралгандардан сырткары учурларда, чечүүчү добуш берүү укугуна УИАнын мүчөлөрү менен илимий мекемелердин жетекчилери жана УИАнын алдыңкы окумуштуулары ээ.

33. Жыйынга УИАнын анык мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн экиси катышса, жалпы чогулуш чечим кабыл алууга укуктуу болот.

Жашыруун добуш берүүнү талап кылган учурлардан сырткары УИАнын жалпы чогулушунда маселелер чогулушка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечилет.

34. УИАнын жалпы чогулушу жыл сайын УИАнын илимий иши жана УИАнын окумуштууларынын эң маанилүү илимий жетишкендиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.

35. УИАнын жалпы чогулушу президиумдун сунушу боюнча, ачык добуш берүү аркылуу катышкан УИАнын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добуштары менен УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгарат.

УИАнын жалпы чогулушу УИАнын президиумунун сунушу боюнча ачык добуш беришкен УИАнын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен УИАнын Ардактуу доктору наамын ыйгарат.

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму

36. Жалпы чогулуш жыйындарынын арасында үзгүлтүксүз аракеттенип, бүтүндөй УИАнын ишин жетектеген коллегиалдуу аткаруучу орган болуп УИАнын президиуму эсептелет. Президиумдун төрагасы болуп УИАнын президенти саналат.

Өз ишинде УИАнын президиуму УИАнын жалпы чогулушуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берип турууга милдеттүү. Президиум УИАнын жалпы чогулушуна жыйындар арасында кабыл алынган маанилүү чечимдер жөнүндө маалымат берет.

37. 15 адамдан турган УИАнын президиуму УИАнын жалпы чогулушунда 5 жылдык мөөнөткө шайланып, анын курамына УИА президенти, вице президенти, башкы окумуштуу катчысы, бөлүмдөрдүн төрагалары, УИАнын президиумунун мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңеш берүүчү укукка ээ өкүлү кирет. Президиум мүчөлөрүнүн арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүн УИАнын президенти белгилейт.

38. Талапкерлерди көрсөтүүнүн жана УИАнын президиумунун мүчөлөрүн шайлоонун тартиби ушул Уставда жана УИАнын президиуму тарабынан бекитилген УИАнын шайлоосу жөнүндө жободо аныкталат.

39. УИАнын президиуму:

— УИАнын жалпы чогулушунун жыйындарын чакырат;

— УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн пландарын жана программаларын бекитет;

— фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн эң маанилүү комплексттүү маселелери боюнча илимий кеңештерди уюштурат;

— илимий съезддерди, конференцияларды, семинарлар менен кеңешмелерди чакырат, изилдөө экспедицияларын уюштурат;

— УИАнын жалпы чогулушуна өзүнүн өткөн жылдагы жана беш жылдык мезгилдеги иши жөнүндө отчет берет;

— УИА илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү боюнча чараларды көрөт;

— Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык УИАнын карамагындагы илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди карайт жана кабыл алат;

— УИАга караштуу мекемелер, өкүлчүлүктөр жана филиалдар жөнүндөгү жоболорду, алардын уставдарын даярдайт;

— мамлекеттик мүлктү УИАга караштуу жаңы түзүлгөн илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерге бекитет, мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлдөйт;

— илимий-техникалык саясат жана инновациялык иш жөнүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого катышат;

— УИАнын шайлоо, илимий басылмалар, ведомстволук сыйлыктар жана төш белгилер жөнүндөгү жоболорун бекитет;

— УИАнын илимий мекемелеринин иш пландарын бекитет;

— УИАнын илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана докторантура, аспирантура аркылуу жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо боюнча ишти координациялайт, окуунун бюджеттик жана бюджеттен сырткары формаларына кабыл алуу пландарын, аспиранттар менен докторанттарды акы төлөтүп окутуу кызматынын прейскуранттарын бекитет;

— алынган бюджеттик (бюджеттен сырткаркы) каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумшоонун негизги багыттарын аныктайт;

— республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, УИАнын фундаменталдык илимий-изилдөө программаларына ылайык, эң артыкчылыктуу багыттар боюнча, УИА бөлүмдөрүнүн, илимий жана башка мекемелери менен уюмдарынын, программаларынын арасында бөлүштүрүлүшүн бекитет;

— республикалык бюджет долбоорунун УИАны каржылоого байланыштуу бөлүгүн түзүү боюнча сунуштарды карайт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык УИАнын мүлкүн жана бюджеттен сырткаркы каржылык каражаттарын пайдалануунун тартибин аныктайт;

— УИАнын басма ишин жетектейт; илимий-басып чыгаруу кеңешинин сунуштамасы боюнча, УИАнын басылмалар пландарын бекитет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, журналдарды уюштуруу, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим чыгарат;

— эл аралык илимий уюмдар, чет өлкөлөрдүн илимдер академиялары жана башка илимий мекемелери менен илимий байланыштарды координациялайт;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардактуу наамдарды ыйгарууга өздөрүн өзгөчө көрсөткөн УИАнын илимий кызматкерлери менен кызматчыларын белгиленген тартипте сунуштайт;

— УИАнын Ардактуу доктору наамын ыйгарат;

— ведомстволук медалдарды жана УИАнын сыйлыктарын уюштуруу жана ыйгаруу маселелерин карайт;

— мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык купуя сырларды сактоо, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо боюнча мыйзамдарда каралган милдеттенмелердин УИАда сакталышын көзөмөлдөйт;

— бардык УИАнын курамдык бөлүктөрү менен кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышын контролдойт;

— өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде токтомдорду чыгарып, аларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолорду кабыл алат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

МБ эскертүүсу: Берилген Уставдын 39-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 39-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

40. УИАнын Президенти УИАнын жалпы чогулушунда УИАнын 70 жаштан ашпаган анык мүчөлөрү (академиктери) менен корреспондент-мүчөлөрүнүн арасынан жашырын добуш берүү жолу менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам УИАнын президенти кызматына катары менен эки мөөнөткө гана шайлана алат.

41. УИАнын президенттигине талапкерди УИАнын жалпы чогулушуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштайт.

42. УИАнын жалпы чогулушунда УИА президенти кызматына шайланган талапкер бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер министри тарабынан бекитилет. УИА жалпы чогулушунун президентти шайлоо жөнүндөгү чечимин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитпей койгон учурда шайлоо өтпөй калган болуп эсептелет.

43. УИАнын президенти:

— УИАнын жалпы чогулушунун ишин жана УИАнын президиумунун, ошондой эле УИАнын ишин жетектейт;

— УИАга жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомчулуктарда жана ассоциацияларда УИАнын өкүлү катары чыгат;

— өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана УИАнын жалпы чогулушунун алдында жооптуу болот;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга ылайык башка да маселелерди чечет;

— өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктар менен буйрутмаларды чыгарат.

УИАнын президенти жок учурда анын ыйгарым укуктарын УИАнын вице-президенти аткарат.

44. УИАнын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

— анын жеке арызы боюнча;

— УИАнын жалпы чогулушунун тизме боюнча курамындагы мүчөлөрдүн үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү демилгелеген кайра чакырып алуу боюнча;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;

— каза болгон учурда;

— УИАнын президенти жазык же административдик мыйзамдарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.

45. УИАнын президентинин кызмат орду бошогон учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри УИАнын жалпы чогулушунун сунушу боюнча бир жылдык мөөнөткө УИАнын президентинин милдетин аткаруучу адамды дайындайт.

46. УИАнын вице-президенти УИАнын жалпы чогулушу тарабынан анык мүчөлөр (академиктер) менен корреспондент-мүчөлөрдүн ичинен УИАнын президентинин сунушу боюнча шайланат.

УИАнын вице-президенти:

— УИАнын президентинин фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өрчүтүү, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана максаттуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларын аткарат;

— УИАнын илимий түзүмдөрүнүн инновациялык ишин координациялайт жана багыттайт;

— илимдин академиялык, ЖОЖдор жана тармактык секторлорун интеграциялоо ишин жетектейт;

— илимий мекемелердин иштерин оптималдаштырууга жана илимдин укуктук базасын өркүндөтүүгө көмөк берет;

— УИАнын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, УИА кызматкерлери менен жаш окумуштууларына социалдык колдоо көрсөтүү жана коргоо боюнча иш жүргүзөт.

47. УИАнын Башкы окумуштуу катчысы жалпы чогулуш тарабынан анык мүчөлөрдүн (академиктердин), корреспондент-мүчөлөр менен илимдер докторлорунун ичинен УИАнын президентинин сунушу боюнча шайланат.

УИАнын Башкы окумуштуу катчысы:

— илимий-изилдөө иштеринин долбоорлорун даярдоону жетектейт;

— УИАнын жалпы чогулушу менен УИАнын президиумунун токтомдору жана чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурат;

— УИАнын жылдык жалпы чогулуштарында УИАнын илимий жана илимий-уюштуруучулук иши жөнүндө отчет берет;

— УИАнын иши жөнүндө материалдарды мамлекеттик органдарга, сот жана башка органдарга берүү үчүн даярдоону жетектейт;

— УИАнын илимий мекемелеринин диссертациялык кеңештеринин ишин контролдойт;

— УИАнын маалымат-басма ишин уюштурат жана координациялайт, илимий-уюштуруучулук бөлүмдүн ишин жетектейт;

— УИАнын президентинин айрым тапшырмаларын аткарат.

48. УИАнын бөлүмдөрүнүн төрагалыгына талапкерлер жалпы чогулушта УИАнын президенти тарабынан сунушталат. Бөлүмдүн төрагасы ошол бөлүмдө эмгектенген 70 жаш курактан ашпаган УИАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин арасынан бөлүмдүн жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

УИАнын бөлүм төрагасы:

— УИАнын бөлүмүнүн ишин жетектейт;

— бөлүмдүн илимий иштеп чыгууларын ишке киргизүүгө жетекчиликти ишке ашырат;

— УИАнын президентинин буйрук түрүндөгү тапшырмаларын ишке ашырат;

— бөлүмдүн профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдайт;

— илимдин стратегиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн материалдык-техникалык базаны түзүүгө жетекчилик кылып, УИАнын бөлүмүнүн инновациялык ишин жетектейт;

— илимий жана инновациялык долбоорлор боюнча экспертизалар менен корутундуларды уюштурат;

— бөлүмдүн инновациялар жаатындагы башка дагы уюмдар жана технопарк кирген инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү ишин координациялайт;

— контролдойт жана төмөнкүлөр үчүн жооптуу болот:

— бөлүмдөгү институттардын грант алуу үчүн долбоорлорду даярдашына;

— бөлүмдөгү илимий мекемелердин чарбалык иши, илимий базанын, жабдуулар менен приборлордун натыйжалуу пайдаланылышы, ошондой эле коммуналдык инфраструктура системаларынын талаптагыдай каралышы үчүн.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын бөлүмдөрү

49. УИАнын бөлүмү илимдин бир же бир нече тармактары боюнча УИАнын окумуштууларын бириктирген юридикалык жак статусуна ээ болбогон илимий жана илимий-уюштуруучулук борбор болуп эсептелет.

Бөлүм өз курамындагы илимий-изилдөө институттарын, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлорду жана башка илимий бөлүктөрдү башкарат.

УИАнын бөлүмдөрү ар тараптуу проблемаларды иштеп чыгуу үчүн өз курамына кирген да, кирбеген да илимий мекемелердин ассоциацияларын түзө алышат.

50. Бөлүмдүн жогорку органы болуп ушул бөлүм боюнча шайланган УИАнын мүчөлөрү менен бөлүмдүн илимий жана башка мекемелеринин жетекчилеринен, ошондой эле ушул бөлүмдө эмгектенген УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан турган бөлүмдүн жалпы чогулушу саналат.

Бөлүмдүн жалпы чогулушу:

— илимдин тийиштүү тармагындагы фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн негизги багыттарын аныктайт, илимдин тийиштүү тармагын өнүктүрүү жана пландаштыруу, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикада колдонуу маселелери боюнча принциптүү маселелерди чечет;

— бөлүмдүн илимий мекемелеринин ишин жана алардагы илимий изилдөөлөрдүн аткарылышын координациялайт;

— бөлүмгө караштуу илимий кеңеш, комиссия, комитеттердин жана коомдордун ишине жетекчилик кылат, институттардын материалдык, илимий базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, ал кандай ведомстволордун жана жогорку окуу жайлардын илимий мекемелери менен карым-катнаштарга көмөк көрсөтө алат;

— бөлүм мекемелеринин эл аралык илимий кызматташтыгынын негизги багыттарын талкуулайт;

— бөлүмдүн иши боюнча отчет угат жана аны бекитет;

— УИАнын анык мүчөлүгүнө (академик) жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлайт;

— башка бөлүмдөрдөгү УИА мүчөлөрүн өздөрү мүчөсү болгон бөлүмдүн жалпы чогулушунун макулдугу менен өз бөлүмүнүн мүчөлүгүнө кабыл алат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

51. Жыйынга бөлүм мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү катышкан учурда бөлүмдүн жалпы чогулушу чечим кабыл алууга укуктуу. Бөлүмдүн жалпы чогулушунда маселелер, Ушул уставга ылайык чечим кабыл алуу үчүн катышкандардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу талап кылынган учурлардан башка учурларда чечимдер отурумга катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечилет.

52. Бөлүм бюросунун милдеттери жана ыйгарым укуктары УИАнын бөлүмдөр жөнүндө жобосунда аныкталат. Жобону УИАнын президиуму бекитет.

Бөлүмдүн жалпы чогулуш жыйындар аралыгындагы ишин бөлүм бюросу жетектейт. Ага коомдук башталышта бөлүмдүн төрагасы жетекчилик кылат.

Төраганын орун басарлары жана бюро мүчөлөрү бир эле мезгилде бөлүмдүн жалпы чогулушунда ушул бөлүмдө эмгектенген анык мүчөлөрдүн (академиктерден), УИАнын корреспондент-мүчөлөрүнүн жана жетектөөчү окумуштууларынын арасынан жашыруун добуш берүү менен беш жылга шайланып, УИА президиуму тарабынан бекитилет.

Бөлүмдүн окумуштуу катчысы бөлүм бюросунун төрагасынын сунушу боюнча УИАнын президиуму тарабынан жетектөөчү окумуштуулардын арасынан бекитилет.

Бөлүм бюросу өз ишинде бөлүмдүн жалпы чогулушуна отчет берет. Бөлүмдүн бардык иши жөнүндөгү отчет жыл сайын берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

53. УИАнын Түштүк бөлүмү ошол аймакта иштеген УИА мүчөлөрүн жана ошол аймакта жайгашкан институттар менен башка илимий мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирет

УИАнын Түштүк бөлүмүнүн түзүмүнө аймактык илимий борборлор, илимий-изилдөө институттары, башка илимий жана илимий-изилдөө мекемелер, ошондой эле түштүк аймакта жайгашып, ассоциацияланган мүчө болгон ЖОЖдордун илимий жана илимий-көмөкчү мекемелери кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)

54. УИАнын аймактык бөлүмүнүн жогорку органы болуп ошол бөлүмдүн жалпы чогулушу эсептелет. Анын курамы, аткарган милдеттери жана ыйгарым укуктары түштүк бөлүм жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Түштүк бөлүм жөнүндөгү жобону УИАнын президиуму бекитет.

55. Түштүк бөлүмдү, ошондой эле аймактык жаңы бөлүмдөр менен мекемелерди уюштуруу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү чечимди УИАнын президиумунун сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат. УИАнын жаңы уюштурулган региондук бөлүмдөрү УИАнын филиалдары болуп саналып, ошол аймактагы УИА мүчөлөрүн жана ошол аймакта жайгашкан институттар менен башка илимий мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирет.

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелери

56. УИА изилдөө иштерин өзүнүн илимий мекемелеринде — илимий-изилдөө институттарында, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлордо жана башка курамдык бөлүмдөрдө аткарат.

57. УИАнын илимий-изилдөө ишинин негизги курамдык звеносу болуп юридикалык жак статусу бар, башкы максаты фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүнү көздөгөн институт эсептелет. Өз милдеттерин аткаруу үчүн институт экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук маселелерди өз алдынча чечет, ошондой эле чет өлкөлүк жамааттар жана окумуштуулар менен илимий байланыш түзөт.

58. УИАнын институтуна жана башка илимий мекемеге директор болуп жамааттын жалпы чогулушунда жашыруун добуш менен шайланган адистердин ичинен 70 жаштан ашпаган, квалификациясы менен профили дал келген илимдин доктору 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал УИАнын президенти тарабынан бекитилет.

59. УИАнын институтунун же башка илимий-изилдөө мекемесинин жетекчилери УИАнын президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулушу мүмкүн:

— жеке арызы боюнча;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;

— институттун жетекчисине карата жасаган кылмышы үчүн соттун айыптоо бүтүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

— соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен институттун жетекчиси болгон жаран аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

— институтту жетектеген жаран мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими менен өлгөн же дайынсыз жок болгон деп табылган учурда;

— каза болгон учурда.

60. УИАнын илимий-изилдөө институттары жана башка илимий мекемелери УИАнын президиуму тарабынан бекитилген, УИАнын илимий-изилдөө институтунун уставынын негизинде иш жүргүзөт.

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүлкү жана каржыланышы

61. УИАны каржылоо илимдин Улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүргүзүлүп, өз ичине илимий мекемелерди базалык каржылоону, фундаменталдык жана колдонмо программаларды каржылоону, ошондой эле академиялык илимдин инфратүзүмүн каржылык жактан камсыздоону камтыйт.

62. УИАнын илимий мекемелерин каржылоонун формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Өкмөт тарабынан аныкталат.

УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн:

— республикалык бюджеттин каражаттарынын;

— тыюу салынбаган ыктыярдуу салымдардын, физикалык жана юридикалык жактар берген соопчулук каражаттарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка булактардын эсебинен калыптанат.

63. УИАнын илимий мекемелери, жеке окумуштуулар жана окумуштуулар топтору илимий изилдөө жүргүзүү үчүн Улуттук илимий фондунан грант алуу сынагына катыша алышат.

Илимий жамааттар жана жеке окумуштуулар УИАнын президиуму аркылуу өз долбоорлорун илим менен техниканын бюджеттик жана бюджеттик эмес каржылоо фондунан, региондук жана тармактык илимий изилдөөлөрдү каржылоо фондунан, жамааттык, кайрымдуулук жана башка фонддордон каржылоо боюнча сунуштары менен кайрылууга жана тийиштүү сынактарга катышууга укуктуу болушат.

64. Илимий изилдөөлөргө бөлүнгөн каржылык каражаттарды, алынган гранттарды сарптоо теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

Илим изилдөө иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн каржылык каражаттардын максаттуу жумшалышы үчүн жеке жоопкерчилик, алардын кайсы булактан келгенине карабай (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар), илимий мекеменин жетекчисине, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчисине жүктөлөт.

65. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын негизинде, УИАнын мекемелеринде кызматчыларды келишим боюнча жалдоого жол берилет.

66. УИАнын мүлкү УИАнын оперативдүү башкаруусундагы мамлекеттик менчик болуп саналат.

Эгерде мүлк мекемеге оперативдүү башкаруу укугу менен бекитилип берилсе, анда ал мыйзам чегинде, өз ишин максатына, мүлктүн дайындалышына ылайык, өзүнө бекитилген мүлккө карата ээлик кылуу, пайдалануу жана аны колдонуу укугун жүзөгө ашырат.

67. Мамлекет УИАга анын Уставында каралган иши үчүн колдонулган негизги жана жүгүртүү фонддорду, жерди жана мамлекеттик башка мүлктү акы төлөбөй пайдаланууга берет.

УИАга өткөрүлүп берилген негизги жана жүгүртүү фонддору жана мамлекеттик башка мүлк менчиктештирилбейт, алынбайт жана башка мекемелерге берилбейт.

68. УИАнын илимий жана башка мекемелерине мамлекеттик мүлк оперативдүү башкаруу укугунда берилет.

69. УИА өзүнө берилген мамлекеттик мүлктү «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда уруксат берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштердин бардык түрлөрүн, анын ичинде тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык иштерди жүргүзүүгө пайдаланат жана алган пайдасын материалдык-техникалык базасын, инфратүзүмүнүн курамын өнүктүрүүгө жана кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө жумшай алат.

МБ эскертүүсү: Берилген Уставдын 69-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 69-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы жана социалдык кепилдиктери

70. УИАнын кызматкерлерине, анын ичинде УИАнын анык мүчөлөрүнө (академиктерине) жана корреспондент-мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, адистеринин, УИАнын тейлөө кызматчыларынын социалдык-турмуштук маселелерин чечүү үчүн УИАда коюлган кызматтык акыга кошулуучу дифференцияланган үстөк акылар белгиленип, каралган каражаттардын чегинде аларга материалдык жардам көрсөтүлөт.

71. УИАнын кызматкерлери жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринен акысыз дарылануудан пайдалана алышат.

УИАнын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү УИАнын санаторияларында, пансионаттарында, эс алуу үйлөрүндө жана туристтик базаларда эс алып, санаториялык-курорттук дарылануулардан пайдаланууга укуктуу.

72. Мамлекет УИАнын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерине социалдык жактан төмөнкүдөй жолдор менен шарт түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек акылар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн кызмат акысына кошулуучу үстөк акы белгиленет;

2) мамлекеттик илимий мекемелерде иштеген илимдин докторлоруна (профессорлорго) 48 жумуш күндүк, ал эми кандидаттарына 36 жумуш күндүк эмгек өргүү белгиленет;

3) мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык мекемелерде иштеген докторлорго (профессорлорго) жана илимдин кандидаттарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жеңилдиктер берилет.

13. Корутунду жоболор

73. УИА өзүнүн архивинде окумуштуулардын, адабият, маданият жана искусство ишмерлеринин кол жазмаларын, ошондой эле УИАнын мекемелеринин архивдик материалдарын, илимге, тарыхка баалуу болгон башка материалдарды сактоого укуктуу.

74. УИА басма иштерине, анын ичинде расмий түрдө мазмундуу илимий басылмаларды чыгаруу, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары жана китепканалары менен басылмаларды алмашуу укугуна ээ.

75. УИА эл аралык практикада пайдаланылган эл аралык илимий алыш-бериш формаларынан жана каражаттарынан пайдаланат; илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыкдар болгон мекемелерди, уюмдарды, юридикалык жактарды ишке тартат, алар менен биргеликте, белгиленген тартипте илимий жана техникалык маселелерди чечүү үчүн биргелешкен мекемелерди, ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.

76. УИА өз компетенциясынын чегинде эл аралык байланыштарды ишке ашыруу максатында төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алат:

— чет өлкөлүк улуттук жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча келишимдерди түзүү жөнүндө;

— эл аралык уюмдарга кирүү жөнүндө;

— УИАнын окумуштууларын чет өлкөлөргө иш сапарга жиберүүнүн каржылык ченемдери жөнүндө;

— УИА тарабынан илимий иш жана башка максаттар үчүн кабыл алынуучу жана тейлөөнүн бардык түрлөрүнө жумшалуучу чыгашалар менен чет өлкөлүк окумуштууларга төлөнүүчү акылардын өлчөмдөрү жөнүндө.

77. УИАнын илимий-изилдөө институттарынын жана аларга теңештирилген илимий башка мекемелердин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрлөрү жана бланкалары болот.

78. УИА уставын өзгөртүү УИА жалпы чогулушунун тизмеге кирип, чогулушка катышкан мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес добуштары менен кабыл алынган чечими боюнча жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген учурдан тартып өз күчүнө кирет.

79. УИАны жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер