Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Абдылдажан Акматалиев Баш прокуратурасынын сыйлыгы менен сыйланды

12-октябрда КР Башкы прокуратурасында “Мыйзамдуулукту чыңдоодо, прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүдө жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев КР Башкы прокурорунун 2018-жылдын 1-октябрындагы №931 Буйругу менен “Өз ара аракеттенишүү жана кызматташтык” медалы менен сыйланды.


Академик сыйлыкты алып жатып, Баш прокуратура Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөргөн бирден бир мамлекеттик мекемелерден экендигин, улуу жазуучунун чыгармаларынын өзгөчөлүгүн, тереңдигин, бүгүнкү күндөгү улут, адамзат көйгөйүнө көз карашын, улуу “Манас” эпосунун чыгармачылыгына үндөшүүлөрүн, кыргыз маданиятынын, кино, сүрөт, театр өнөрүнүн өнүгүүсүнө жазуучунун чоң таасирин белгилеп:

–         Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, андан руханий байлык алып жатасыздар. Адамдар тарбияланып, калыптанып жатышат. Менин оюмча дагы көп иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын катарында биз дагы барбыз. Биздин дагы иш-чараларыбызга катышууңуздар деп чакырабыз. Айтматовду мааракеде гана эстебестен, дайыма жадымыбызда сакташыбыз керек – деп кошумчалады.

   

Ошондой эле А.Акматалиев Баш прокурор Өткүрбөк Асылбекович Джамшитовго “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн” “Айтматов академиясынын” медалын такты.

Иш-чарада режиссёр Рысбай Садыковдун Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Айтматовдун сабактары” аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун “Биринчи мугалим” чыгармасы боюнча спектакль көрсөтүлдү. Аягында чакан концерт тартууланып, келгендерге Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган фото көргөзмө да сунушталды.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер