Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту Кыргызстандагы биотехнология багыты боюнча бирден-бир жетектөөчү илимий-изилдөө уюм болуп саналат жана илимий кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын өзгөчө коргоо аймактардагы зооантропоноздук (малдардан адамдарга жугуучу оорулар) ылаӊдардын табыгий очокторуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле табыгий – баалуу тирүү организмдердин генетикалык ресурстар банкын түзүү үчүн топтоо иштери жүргүзүлүп келет (өсүмдүктөр, жаныбарлар жана микроорганизмдер).
Биотехнология институтунда Түштүк Кореянын Улуттук мал-чарба институту менен биргеликте долбоордук кызматташуунун негизинде, корея тарабынын финансылык жана техникалык колдоосу аркылуу «MinION» жаӊы түрдөгү нанотехнологиядагы секвенатор сатып алынып, ишке киргизүүнүн алдында турат. Нанопордук секвенатор – бул портативдик тетик ДНК ны секвенирлейт, Оксфорд Нанопаро Технолоджикс (Улуу Британия) компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана нанопар технологиясы негизинде иштейт. Нанопардык секвенаторду ар кайсы максатта пайдаланат, алар оорууларды заманбап диагностикалоодо, түрлөрдү идентификациялоодо, микробиомду анализдөөдө жана башкалар.
Жогоруда айтылган секвенатор менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар өлкөдө тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо жана жашоодо өзгөчө мааниге ээ болгон азык-түлүктөрдүн сапатын жакшыртууда жана мал чарбачылыгынын заманбап ыкчам өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги биологиялык капитал катары колдонулат.
Учурда айыл чарба тармагында коптогон көйгөйлөр бар, өзгөчө айыл жергесинде малдардын породалык сапаты жагынан жана продуктуулугу төмөн малдарды кармоо мезгилдин көйгөйү. Ушуга байланыштуу жогорудагы заманбап технологиялык тетиктер, классикалык методдордон айырмаланып генетикалык-молекулярдык методу катары колдонуу менен тез убакытта көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1984