Кыргыз математиги, КР УИАнын академиг Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу илимий ачылышы эл аралык деңгээлде таанылды.
Академик А.А. Бөрүбаев дүйнөнүн 16 өлкөсү тарабынан түзүлгөн Сократ илимий комитети тарабынан дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине Борбор Азиядан биринчи болуп кирген.
2023-жылдын март айында Мадрид университетинин (Испания) чакыруусу менен академик А.А. Бөрүбаев математика илимдер институтунда илимий баяндама жасап, кийин Цюрих университетиндеги (Швейцария) кесиптештери менен жолуккан.
2023-жылдын 10-22-июнунда Кытай тараптын чакыруусу менен академик А.А. Бөрүбаев Циндао университетине (КЭР) барып, илимий доклад жасап, Илимий кызматташтык маселелерин талкуулады. Анын иш сапарынын жүрүшүндө академик А.А. Борубаевге Циндао Университетинин Ардактуу профессорунун диплому салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Цзинань шаарында (КЭР) жаш таланттар форумунда куттуктоо сөз сүйлөдү.
Жакын арада академик А.А. Бөрүбаевдин Патра университетине (Греция) барып, илимий доклад менен чыгып сүйлөөсү жана илимий кызматташтыкты талкуулоосу күтүлүүдө.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1638