“Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн интродукция, селекция кылуу жана сактоо” аттуу III Эл аралык илимий конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана КР УИА Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бак ИИИ (мындан ары кыскартылып: КР УИА Э. Гареев ат. Б.Б. ИИИ) тарабынан уюштурулду.
Конференциянын пленардык жыйынында КР УИА Э. Гареев ат. Б.Б. ИИИнин директорунун милдетин аткаруучу, б.и.к. Хегай И.В., КР УИАнын вице-президенти, академик Ч.И. Арабаев, академик Токторалиев Б.А., КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык, айыл чарба илимдер бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчө Шалпыков К.Т., КР УИАнын Биология институтунун директору, Президиумдун мүчөсү, б.и.д., проф. Карабекова Ж.У., «Э.З. Гареев коомдук фондунун директору» Гареев Г.Р. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
25 ардагерге “Ботаникалык бактын ардагери – 85 жыл” медалдары тапшырылды.
Конференциянын коноктору, ардагерлер жана КР УИА Э. Гареев ат. Б.Б. ИИИнин кызматкерлери куттуктоо жана эскерүү сөздөрүн сүйлөштү.
Конференциянын ишине конференциянын материалдар жыйнагына илимий макалаларды жарыялоо аркылуу түздөн-түз жана сырттан катышышты, тактап айтканда, 42 чет элдик: Беларусь Республикасынан 3, Казакстан Республикасынан 5, Россия Федерациясынан 2, Өзбекстан Республикасынан 7, Украинадан 3 жана Кыргыз Республикасынан 22 өкүл жана ата мекендик окумуштуулар катышышты.
Жалпысынан, 76 катышуучу, алардын ичинен 4өө чет элдик: 2 – «Ботаника жана фитоинтродукция институту», Алматы ш., КР жана 2 – Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Ботаника институту, Ташкент ш.
Өсүмдүктөрдүн интродукциясы, репродукциясы, физиологиясы, селекциясы, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн in-situ жана ex-situ сактоо, жашылдандыруу, жемиш өстүрүү боюнча маселелердин кеңири спектри каралды. Конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Конференция өзүнүн негизги максатына жетти – бул тармактар боюнча эл аралык, аймактык жана жергиликтүү мыкты тажрыйба алмашуу үчүн диалог аянтчасы түзүлдү. Конференциянын катышуучулары Уюштуруу комитетинин конференцияны даярдоо боюнча зор иштерди аткаргандыгын жана аны өткөрүүдөгү жогорку уюштуруучулук деңгээлин белгилешти.
Конференциянын материалдарынын негизинде материалдардын жыйнагы жана КР УИАнын «Известия» журналынын атайын саны басылып чыкты, андагы орус жана кыргыз тилдеринде жазылган 19 макаланын 8и чет өлкөлөрдөн жана 11и Кыргыз Республикасынан; «Ботаникалык бактын тарыхы фотосүрөттөрдө» аттуу китеп жана фотоальбом, буклеттер, «КР УИА Э. Гареев ат. Б.Б. ИИИнин өсүмдүктөрүнүн коллекциясы» аттуу открыткалардын топтомдору.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1354