Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов 2023-жылдын 17-19-сентябрында Кытай Илимдер академиясынын Циньцзян экология жана география институту тарабынан уюштурулган Жибек жолунун экономикалык алкагындагы экологияны жана айлана-чөйрөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык форумга (Үрүмчү ш., КЭР) катышты.
Уюштуруучу тарабынан белгиленген иш-чаранын негизги максаты жана милдети: Борбордук Азияда жашылдандыруу технологияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы.
Айлана-чөйрөнү башкаруу, сууну эффективдүү үнөмдөөчү айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, биоартүрдүүлүктү сактоо жана башка тармактарда Кытайдын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасын жана технологиясын толук пайдалануу максатында Кытай Илимдер академиясынын Шинжаң экология жана география институту, Өнүктүрүү жана реформалар мамлекеттик комитетинин ресурстарды сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо иштери бөлүмү, Өнүктүрүү жана реформалар мамлекеттик комитетинин Эл аралык кызматташуу борбору, Жаш окумуштуулардын дүйнөлүк ассоциациясы, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте ушул “Борбордук Азияда жашылдандыруу технологияларын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын” демилгелеген.
Форумда төмөнкү маселелер талкууланды:
- Долбоорлорду ишке ашыруу жана келерки жылдын планын түзүү боюнча жыл сайын консультацияларды өткөрүү, ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн “Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилеринин диалог механизмин” түзүү.
- Арал деңизинин аймагын жашылдандыруу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экологияны комплекстүү башкаруу технологияларын изилдөө, иштеп чыгуу жана интеграциялоо үчүн «Жашыл Арал деңизинин инновациялык технологияларынын илимий-изилдөө борборун» биргелешип куруу; аны масштабдуу демонстрациялоо, ошондой эле Арал деңизин экологиялык жана экономикалык башкаруунун комплекстүү моделдерин кабыл алуу менен Арал деңизинин экологиялык, экономикалык жана социалдык чөйрөсүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1485