Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
2023-жылдын 27-октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Глазьев Сергей Юрьевичке Кыргыз Республикасынын УИАсында «КР УИАнын ардактуу академиги» диплому ыйгарылды

2023-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында кыргыз-орус илимий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча маанилүү окуяга арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

2022-жылдын 28-февралында КР УИАнын Президиумунун өтүнүчү боюнча (2023-жылдын 20-февралындагы № 14) КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, чет элдик илимпоздорго «КР УИАнын Ардактуу академиги» наамын ыйгаруу жөнүндө – бул наам кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри, экономика илимдеринин доктору, профессор Сергей Юрьевич Глазьевге ыйгарылсын деген токтом кабыл алынган.

Буга жооп катары академик Глазьев С.Ю. эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан аркы узак мөөнөттүү кызматташууну убада кылып, өзүнүн илимий потенциалына ушундай жогору баа берилгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ЕАЭБдин узак мөөнөттүү келечектеги экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасы эң мыкты чий зат ресурстарына жана илимий потенциалга ээ экенин, бул жакынкы келечекте ИДПны эки эсе көбөйтүүгө, акчаны санариптештирүүгө жол ачып берерин, ал эми нанономиканы өнүктүрүү акча-кредиттик, тышкы экономикалык жана фискалдык (салык-бюджеттик) саясатта башкаруунун жаңы ыкмаларынын пайдасы үчүн чоң депрессиялардан качууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Мунун баары инвестицияларды кредиттөөнүн ички булактарынын негизинде экономиканы модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, жарандардын өзүн-өзү чыгармачылык менен өстүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

Академик С.Ю. Глазьев өзүнүн баяндамасын жыйынтыктап жатып, бул жылуу тосуп алуу үчүн КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматовдун жеке өзүнө жана КР УИАнын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди, бардык катышуучуларга чың ден соолук жана жаңы илимий жетишкендиктерди каалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер