УИАнын президенти, академик М.С.Жуматаев Минск шаарындагы Илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) Мааракелик сессиясына катышып келди. Аталган иш-чара ИАЭАнын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналып, 20-21-сентябрь күндөрү салтанаттуу белгиленди.
Академик М.С.Жуматаев катышуучуларга КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуп берип, “КР Улуттук илимдер академиясынын жана ИАЭАнын кызматташуусу” аталышындагы билдирүү жасады.
Салтанаттуу иш-чарада өткөн жылдагы жетишилген ийгиликтер, уюштуруу иштери, уюмдун катарына жаңы мүчөлөрдү: Кытай, Черногория, КЭРдин Цзянси провинциясынын илимдер академияларын кабыл алуу, экономиканы интеллектуалдаштыруу, ИАЭАга мүчө мекемелердин илимий кызматкерлеринин деңгээлин жогорулатуу жана прикладдык илимдин ролун жана маанисин күчөтүү, дүйнөдөгү ири уюмдар менен кызматташуу ж.б. маселелерин карашты.
УИАнын жетекчиси М.Жуматаев Конференциянын келечекке жасаган кадамы кең экендигин айтып, төмөнкүлөргө токтолуп:
– Иш-чарада ИАЭАнын мүчөлөрү, илимий изилдөөлөр үчүн Эл аралык фонд түзүү, КМШнын жаш окумуштууларын колдоо иретинде КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин сыйлыктарын, “Дебюттардын шериктештигин” уюштуруу ишмердиктин эң маанилүү багыттарынын бири. Мындай сынактар биздин жаш окумуштууларыбыз үчүн абдан маанилүү – деп баса белгилеп кетти.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1582