Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КМШ изилдөөчүлөрү менен серепчилеринин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү

“Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы, жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.   


Конференциянын ачылышында УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору э.и.д. Токтобүбү Саякбаевна Дыйканбаева окумуштуулардын келгендигине терең ыраазычылык билдирип: «Экономика институту Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, ааламдашуу жана санариптешүү маселери каралды. Айтматов улуу гуманист болгондугуна байланыштуу, бүгүнкү күндөрү адамзат чечиши керек болгон гуманизм маселелерин кайып өткөн эмес. Иш-чарага КМШ жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары келди. Бизди бүгүнкү күнү жаңы проблема – санариптешүү маселеси кызыктырууда. Ошондуктан бул боюнча бири-бирибиздин тажрыйбабызды карап, койгон көйгөйлөр боюнча иштешүүнүн ийкемдүү жолдорун табабыз деп ишенем» – деген пикирин айтты.

 

РИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн башкы окумуштуу катчысы Виктор Всеволодович Богатов: «Келген конокторубуз өтө маанилүү проблемаларды көтөрүп жатышат. Чындыгында да ошол проблемаларды көтөрүп жаткан мамлекеттердин өнүгүүсүнүн деңгээли ар кандай. КМШ өлкөлөрүндө ИДПден илимге каражат бөлүү пайызы да ар кандай. Бирок дүйнө өнүгүп жатат, биз эл менен бирге жашап жаткан соң илимибиз дагы бирдей өнүгүшү керек. Эмне кылган оң? Интеграция жолун издешибиз керек. Ушинтип гана биз алдыңкы өлкөлөргө теңеле алабыз» – деп, баса белгилеп кетти.

Экономика илимдеринин доктору, профессор, Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университеттин Менеджмент кафедрасынын жетекчиси   Бауржан Советович Толысбаев уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолуп кетти: «Конференцияда мен адам ресурстары, адам капиталы боюнча билдирүү жасадым. Алардын кажети канчалык экендигине токтолдум. Негизи эле докладдардын көбү коомдун өнүгүүсүнүн негизги багыттары жөнүндө болууда. Мында бир гана Кыргызстандын өнүгүүсү гана каралбастан, кошуна өлкөлөр дагы өзүнүн тажрыйбасы, көйгөйлөрү жөнүндө билдирүү жасап, талкууга коюшууда».

Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин “Эл аралык экономикалык мамилелер” факультетинин деканы Мирзоумид Мирзаюлдашевич Хамдамов Конференция Борбор Азиядагы гана эмес КМШ өлкөлөрүндөгү эксперттердин илимий-изилдөөчү аянтчасын түзүүдө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жакшы жагдай түзөөрүн айтып: «Санариптик коом кайда кетип жатат? Кандай жыйынтыктарга жетишти жана анын кандай жакшы жерлерин алсак болот ошого көңүл бурушубуз керек. Ошондуктан, бул тармактагы илимий-изилдөөчү иштерди карашыбыз керек. Себеби бул инновациялык ыкмалардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бүгүн бардык өлкөлөрдө жана КМШда электрондук коммерция экономиканын өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы болууда.

   

17-19-сентябрда өткөн бул Конференцияда өлкөлөрдүн заманбап интеграциялануусу: социалдык-экономикалык аспекттер, ЕАЭБдин санариптик экономикасы: коомдук мейкиндикти санариптештирүү шартында өнүктүрүү стратегиясы, маданий парадигманын алмашуусу, ааламдык интеграциялык процесстердин контекстинде “Ири Евразия” («Большая Евразия») платформасын калыптандыруунун концептуалдык негизи, өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн суу ресурстарынын мааниси, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы мифтердин жана легендалардын көркөм өзгөчөлүктөрү, ЕАЭБ жана “Жибек Жолунун экономикалык курун” бириктирүү алкагындагы экологиялык проблемалар талкууланды.

Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн илимий уюмдарынын жана ЖОЖдорунун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын катышуучулары илимдин жана билимдин ар кандай тармактарындагы мамлекет аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча илимий идеяларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары – УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту, КМШнын Мамлекет аралык гуманитардык кызматташуу фонду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер