Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын академиги, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчү А.А. Акматалиевге КМШ ПААнын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылды

2023-жылдын 17-ноябрында Бишкекте Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Конференцияда Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко сөз сүйлөдү.

         Федерация Кеңешинин Төрайымы Чынгыз Айтматовдун мааракеси көптөгөн өлкөлөрдө кеңири белгиленип жаткандыгын жана мындай масштабдагы инсан бүткүл дүйнөлүк маданиятка таандык экендигин белгиледи. В. Матвиенко жазуучунун «Жамиля», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу» сыяктуу мыкты чыгармалары бүткүл Советтер Союзунун маданий турмушун кыймылга келтиргендигин эске салды. Жазуучунун эмгеги жана таланты бүткүл дүйнөгө таанылып, анын атактуу чыгармалары эл аралык бестселлерге айланды.

         Бүгүнкү күндө Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине эң жакшы таазим – КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө ар тараптан салым кошуу, – деп ишенет Федерация Кеңешинин Төрайымы В. Матвиенко.

         Конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев да сөз сүйлөп, бул сыйлык жыл сайын адабият тармагындагы жетишкендиктери, оригиналдуу чыгармалары жана көп кырдуу адабий ишмердиги менен өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгарыларын белгиледи.

         Быйыл анын лауреаты КР  УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Айтматовдун чыгармачылыгын терең изилдеген, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндɵгү Айтматов таануучулардын алдыңкыларынын бири болуп эсептелген, «Шериктештиктин жылдыздары» аттуу мамлекеттер аралык сыйлыктын лауреаты, академик А.А. Акматалиев болду.

         А.А. Акматалиевге сыйлыкты Россия Федерациясынын Федерация Кеңешинин Төрайымы В. Матвиенко жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Шакиев тапшырышты.

         КМШ ПААнын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, академик А.А. Акматалиевге 1 миллион сом тапшырылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер