2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти менен Кытай Эл Республикасынын Циндао университетинин өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда КР УИА менен Кытай Эл Республикасынын Циндао университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду жана эки тараптуу илимий кызматташуу маселелери талкууланды, атап айтканда, Кытай тарап менен кызматташуу келишимине кол коюу үчүн, ошондой эле IT-технологиялык борборду түзүү маселесин кароо үчүн 2024-жылдын январь айынын 2-жарымында КР УИАнын делегациясынын Кытайга иш сапары жɵнүндɵ макулдашылды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 17098