Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Тил жана адабият институту Башкы прокуратуранын китепканасына китеп белек кылды

19-сентябрда Башкы прокуратурада КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Иш-чарага прокуратуранын кызматкерлери, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы – Назаркул Ишекеев, Башкы А.Акматалиев баш болгон Тил жана адабият институтунун коллективи, “Устат-шакирт” тобу катышты.


Иш-чарада мамлекеттик тилдин мамлекеттүүлүктү куруудагы мааниси, иденттүүлүгүнүн асыл баалуулугу экендигин, Мамлекеттик тилге  арналган программанын мааниси, ааламдашуу мезгилинде тил маселеси жөнүндө айтылды.

Академик А.Акматалиев Мамлекеттик тил программасын ишке ашыруудагы Тил институтунун жасаган иштери, “Манас” эпосун басуусу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук, руханий баалуулук, жазуучунун кыргыз тилин пайдалануудагы салымы, ага “Манас” эпосунун таасири жөнүндө айтып, Институт чыгарган китептерди Башкы прокуратуранын китепканасына китеп белек кылып  кетти.

–         Биз сиздерге Мамлекеттик тил программасынын шарапаты менен чыккан “Манас” эпосунун үч илтигин, түшүндүрмө жана башка сөздүктөрдү, Ч.Айтматовдун чыгармаларын тапшырып жатабыз – деди ал китептерди тапшырып жатып.

Мамлекеттик тил майрамын белгилөө Башкы прокуратура тарабынан демилгеленип, иш-чаранын соңунда мекеменин жетекчилиги тарабынан академик А.Акматалиевге ыраазычылык каты тапшырылды.

Майрамдык иш-чаранын алкагында  Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы прокуратуранын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырып, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери “Манас” эпосунан, Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндү айтып, концерт коюп берди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер