2024-жылдын 30-январында КР Улуттук илимдер академиясынын чакан залында техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, 2 илимий монографиянын автору, Эл аралык жана Улуттук инженердик академиянын академиги, КР Илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын Машинакуруу, автоматташтыруу жана геомеханика институнун “Синергетика жана динамикалык системалардагы хаос” лабораториясынын башчысы Оморов Роман Оморовичтин жана Роман Нурбектин, Роман Айлендин эмгектеринин Конференция-Презентациясы болуп өттү.
Төмөндөгү илимий эмгектердин бет ачар аземи болду:
- 1. Оморов Р.О. Синергетика жана хаос. – Бишкек: Илим, 2023. – 158 б.
Роман Н., Оморов Р.О., Роман А.Введение в интеллектуальную
собственность и инновации в Кыргызской Республике / Под ред. Р.О.
Оморова. – Бишкек: Илим, 2023. – 439 с.
Конференция-Презентацияга КР УИАнын Жетекчилиги, Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана мүчө-корреспонденттери, Кыргыз Республикасынынын Жогорку окуу жайларынын жана УИАнын институттарынын окумуштуулары, ошондой эле техникалык жана юридикалык илимдер багытындагы адистер катышты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 9167