Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Аскар Кутанов академик Ю.Н. Денисюк атындагы медаль менен сыйланды

12-сентябрда “HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” Эл аралык конференциянын салтанаттуу ачылышында УИАнын академиги, УИАнын Физика-техникалык, математика жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, профессор Аскар Асанбекович Кутанов голографиялык технология тармагындагы илимий-техникалык ишмердигинде көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн академик Ю.Н. Денисюк медалы менен сыйланды.

“HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” 15-эл аралык конференциясы 11-13-сентябрь аралыгында Россиянын Нижний Новгород шаарында өтүүдө.

“HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” бул голограмма жана оптикалык технологияларды өндүрүү индустриясындагы кесипкөйлөр үчүн жыл сайын өтүүчү эл аралык илимий-практикалык конференция.


Конференциянын максаты: жаңы илимий-техникалык жетишкендиктерди талкуулоо, продукцияларды демонстрациялоо, голография жана прикладдык оптикалык технологиялар тармагындагы рынокту жана өнүгүү тенденцияларын аныктоо жана баалоо. Бул конференция бүгүнкү күндө төмөнкү актуалдуу темаларды камтыйт:

  • Коргоочу голограммаларды алуунун жаңы технологиялары;
  • голограммалык оптика жана оптика-голографиялык системанын жардамы менен сүрөттү түзүү жана маалыматты чагылдыруу;
  • голограммалыкжана дифракциялык оптикалык элементтер,метаматериалдар, голографиялар үчүн нанотехнологиялар жана плазмалык структуралар;
  • голографиялар үчүн көлөмдүү голография жана фото сезгич материалдар;
  • голографиялык интерферометрия, голографиялык эс-тутум, маалыматты оптика-голографиялык иштеп чыгуу.

    

Академик Ю.Н. Денисюк медалы Д.С. Рождественский Оптикалык коом тарабынан 2007-жылы, академик Юрий Николаевич Денисюктун (1927 – 2006-жж.) – голографиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, үч өлчөмдүү чөйрөдөгү голографиянын негиздөөчүсү, Россия жана чет өлкөлөрдө голография боюнча илимий мектепти түзүүчү жана изилдөөнү уюштуруучусунун урматына уюштурулган.

Академик Ю.Н. Денисюк медалы эки жылда бир жолу ыйгарылат. Аны менен физикалык оптика, голография жана анын тиркемелери, жарык сезгич чөйрөлөрдүн фотофизикасы, фотоникасы жана фотомаалымат тармагында эмгектенген белгилүү окумуштуулар жана адистердин кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланышат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер