Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө конференция

17-19-сентябрда саат 13:00до Жаннат Ридженси отелинин жыйындар залында (Бишкек ш., Аалы Токомбаев көчөсү 21/2.) “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.


Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн: Азербайжандын, Белоруссиянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Украинанын илимий уюмдарынын жана ЖОЖдорунун өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын катышуучулары илимдин жана билимдин ар кандай тармактарындагы мамлекет аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча илимий идеяларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Пленардык жыйындарда жана адистик секцияларда жыйындын катышуучулары кесиптик аракеттешүүнүн ар кандай аспектилеринин концептуалдык негиздери боюнча пикир алышат.

Талкуунун темалары: Өлкөлөрдүн заманбап интеграциялануусу: социалдык-экономикалык аспекттер, ЕАЭБдин санариптик экономикасы: коомдук мейкиндикти санариптештирүү шартында өнүктүрүү стратегиясы, маданий парадигманын алмашуусу, ааламдык интеграциялык процесстердин контекстинде “Ири Евразия” («Большая Евразия») платформасын калыптандыруунун концептуалдык негизи, ааламдашуу шартында КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө камсыздандыруу секторунун таасири, венчурдук инвестициялоо системасында маалыматтык технологияларды пайдалануу, өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн суу ресурстарынын мааниси, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы мифтердин жана легендалардын көркөм өзгөчөлүктөрү, ЕАЭБ жана “Жибек Жолунун экономикалык курун” бириктирүү алкагындагы экологиялык проблемалар.

Конференциянын ачылышында УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө Тогусаков О.А., УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору э.и. д. Дыйканбаева Т,С., Түркмөнстан УИАсынын академиги Эседулаев Рахмангулы, РИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн башкы окумуштуу катчысы Богатов В.В. куттуктоо сөзүн сүйлөшөт.

Коомдук идеологиянын негиздери боюнча Бакиров Апас Бакирович билдирүү жасайт.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары экономикалык өнүгүүнүн жана ийгиликке жетүүнүн, жогорку билим берүү системасындагы ааламдашуу жана санариптешүүнүн көйгөйлөрүн, технопарктардын ишмердигиндеги жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу тенденциясынын проблемаларын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерин карашат.

Иш-чаранын уюштуруучулары – УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту, КМШнын Мамлекет аралык гуманитардык кызматташуу фонду өткөрүүдө.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер