2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын конференциялык залында тарых илимдеринин доктору, профессор Досбол Нур уулунун 3 китебинин бет ачар салтанаты болуп өттү.
Салтанатты тарых илимдеринин доктору, профессор, академик Аблабек Асанканов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Китептердин бет ачарына КР УИАнын Президенти, мүчө -корреспондент Канат Ермекович Абдрахматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич катышып, сөз сүйлөштү.
Салтанатка мурдагы жана азыркы коомдук ишмерлер, С. Ж. Сааданбеков, А. Эркебаев, Ж. Ж. Сатыбалдиев, М.Т Батаканов, Н. К. Саралаев жана башка илимпоздор, академиктер жана тарыхчылар катышып, китептин күнгөй – тескейине, айырмачылыктарына жана окшоштуктарына өз бааларын беришти. Ошону менен бирге окумуштуулар китептин мазмунуна карата окурмандарды эки группага бөлүп кароого болоорун айтышты. Биринчи группага, ошол китептердин мазмунундагы саясий процесске катышкандар жана алардын көз караштары, экинчиси, илимий методологиялык – теориялык көз карашта баа берүүчүлөр болорун айтып өтүштү.
Салтанатта Досбол Нур уулуна “Бишкек жылуулук тармагында” көп жылдык эмгеги үчүн “Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун директору Раимбеков Уран Камилжанович ушул тармакта иштеген жылдарын чагылдырган фотоальбом тапшырып, авторду куттуктады.
“Кыргызстан Акаевдин башкаруу мезгилинде”, “Кыргызстан СССРдин курамы мезгилинде”, “Кыргызстан убактылуу өкмөттүн башкаруу мезгилинде” аттуу китептердин автору Досбол Нур уулу китептеринин мазмунуна кыскача токтолуп, өзүнүн көз карашын айтып, төртүнчү “Кыргызстан Бакиевдин башкаруу мезгилинде” деген китебин жазуу үстүндө экенин айтты. Автор келген окурмандарга терең ыраазычылыгын билдирди. Тарых илимдеринин доктору, профессор, академик Аблабек Асанканов авторго ийгилик каалап, салтанатты жыйынтыктады.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 25918