2024-жылдын 27-май күнү КР УИАнын Башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчө, биология илимдеринин доктору, профессор Худайбергенова Б.М. Дрезден техникалык университетинен делегацияны кабыл алды.
КР УИАнын П.А. Гана атындагы Биология институтунун токойду изилдөө илимий-өндүрүштүк борборунун кызматкерлери немис кесиптештери менен токой таануу, токой жайгаштыруу, токой чарбасын жүргүзүү жана башка маселелер боюнча кызматташат.
Дрезден техникалык университетинин токой бөлүмүнүн кызматкерлери “ASTAT II” долбоорунун алкагында жаңгак-мөмө токойлору менен таанышуу жана илимий-изилдөө иштерин пландаштыруу үчүн токойлорду изилдөө менен алектенген окумуштуулар келишти.
Делегация 2024 жылдын 27-31 май аралыгында Арстанбап-Ата, Кызыл-Үңкүр токой чарбаларында, Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунда, КР УИАнын Жалал-Абад илимий борборунда болушту.
Делегациянын курамы: проф. Л. Гиссен, проф. С. Вагнер, док. В. Шайдинг, док. А. Моссманн, проф. Д. Том, док. К. Шуссер, Н. Рангно.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 11004