2024-жылдын 5-июнунда КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.М. Бурханов жана КР УИАнын Э. Гареев атындагы ББ ИИИнун кызматкерлери менен биргеликте көчөттөр отургузулду.
50 даана жапайы өрүк жана 50 даана жапайы бадам, ошондой эле 30 даана тамыр системасы жабык гибрид чай розасынын 2 сортундагы бадал отургузулду.
Иш-чара Ахунбаев 1а көчөсүндө жайгашкан КР УИАнын Э.Гареев атындагы ББ ИИИнин партердик бөлүгүндө өткөрүлдү.
Жыл сайын 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 27-сессияда, № A/RES/2994 (XXVII) , 1972-жылдын 15-декабрында бекитилген.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 17218