Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

2024-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда  дүйнөлук жазуучу жана руханий пайгамбар Чыңгыз Айтматовду эскерүу иш- чарасы болуп өттү.

Иш чараны академик, филология илимдеринин доктору, институтун директору Акматалиев ачып, Чыңгыз Айтматовдун  дүйнө салганына он алты жыл болгондугун, залкар жазуучунун эмгегин кадырлоо максатында 3 багытта: 1. Изилдөө 2. Китеп чыгаруу 3. Пропагандалоо иши жүрүп жаткандыгын айтты.  Ал Ч. Айтматовдун 12 томдугу орус жана кыргыз тилинде  жарыкка чыгып,  каражат жоктугунан башка чыгармалары жарыкка чыкпай токтоп тургандыгын, Айтматов энциклопедиясын түзүү керектигин билдирип, өз демилгеси менен Ч. Айтматовдун китептерин чыгарып жаткан “Кадам” басмасынын директору, кыргыздын мекенчил уулу  Замирбек Таштемировдун эмгеги чоң экендигин айтты. 

         Академик А.А. Акматалиевдин айтуусу боюнча Ч. Айтматов боюнча Казакстандан 600, Өзбекстандан 300 материал алынып келинген экен.

Эскерүү иш чарасында  Өзбекстан тарап менен байланышууда чоң эмгек кылган жазуучу Бегижан Ахмедовго Айтматов коомдук академиясынын Ардактуу академиги наамы ыйгарылды.   

Таланттуу ырчы Акматбек Султан уулу иш-чарада төгүп ырдап Ч. Айтматовду эскерди.

“Кадам” басмасынын директору Замирбек Таштемиров китеп чыгаруу, элге жайылтуу маселесинде келечек пландары туралуу айтып берди.

Илимпоз Нурзина Ыйсаева иш-чараны жыйынтыктап, институттун эмгек коллективинин буга чейин жүргүзүп келген иштерин айтып, келечекте жасай турган иштерине кеңири токтолуп өттү.

Залкарды эскерүү иш-чарасына Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда иштеген жалпы окумуштулар катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер