Ысык-Көл облусунда “Борбор Азиядагы экосистемага мониторинг жана изилдөө: жыйынтыктар жана илимий-практикалык пайдалануу” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык семинар өтүүдө.
Иш-чарага Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун, Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун окумуштуулары жана дүйнөнүн 8 мамлекетинен келген окумуштуулар катышууда.
М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору Кадырбек Сакиев семинар-тренингдин маанилүүлүгүн, буга чейинки өткөрүлгөн иш-чаралар, анын негизинде жасалган ийгиликтер жөнүндө айтып келип, төмөнкүлөргө токтоло кетти:
– Бүгүн тажрыйбалуу профессорлор илимий көз караштарын, практиктер жасаган иштери жөнүндө маалымат беришип, жаш окумуштууларга лекция окушууда. Мурда экологияга байланышкан иштерди бөлүп изилдеп, бөлүп карачу элек. Мурда өсүмдүктөрдүн экологиясы, жер кыртышынын экологиясы ж.б. деп карасак, бүгүн комплекстүү түрдө карап жатабыз.
Семинардын максаты – окумуштуулар арасында тажрыйба жана илимий идея, методдор менен бөлүшүү жана пикир алмашуу.
Симпозиумга катышып жаткан КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Бийик тоолуу көлдөр лабораториясынын башкы илимий кызматкери Тамара Тузова көп жылдардан бери Ысык-Көлдү изотоптук метод менен изилдеп келээрин белгилеп: “Биздин суулар, анын ичинде Ысык-Көл дагы урандын изотобу менен байытылган. Аталган метод өз кезегинде көптөгөн гидрологиялык жана гидрогеологиялык маселелерди чечүүгө абдан жардам берет”, – деген оюн билдирип өттү.
Иш-чара КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун базасында болууда жана ал 30-августка чейин уланмакчы.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2183