Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИА МЕНЕН КЫТАЙ АЙЫЛ ЧАРБА ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ

2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына Кытай Айыл чарба илимдер академиясынын Экономика жана айыл чарбасын өнүктүрүү Институтунун эксперттеринин делегациясы келди. 

Жолугушууга КР УИАнын Башкы окумуштуу катчысы, мүчө-корреспондент Б. М. Худайбергенова, КР УИАнын Биотехнология институтунун директору, академик А. Т. Жунушов, КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык багынын директору И. В. Хегай, КР УИАнын Илим жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, профессор Т. Э. Урусова, КР УИАнын Илим жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн адиси А. Т. Мамбетжунушова катышты.

Делегациянын курамында: Кытай Айыл чарба илимдер академиясынын Экономика жана айыл чарбасын өнүктүрүү Институтунун илимий кызматкерлери Сянде Ли, Йонгун Чжа, Джилу Сан, Чен Киан, Фанфан Чао келип, өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Кытай Айыл чарба илимдер академиясы (КАЧИА) айыл чарбасына тиешелүү жаңы технологиялар боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу Айыл чарба илимдери боюнча алдыңкы Улуттук изилдөө институту болуп саналат.

 Делегациянын сапарынын максаты академиялар ортосундагы кызматташтыкты уюштуруу жана өнүктүрүү, Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү, академиялардын кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Делегациянын жетекчиси Сянде Ли Астанада өткөн ШКУ саммитинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн башчылары менен жаңы шарттарда, анын ичинде айыл чарба чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү сыяктуу маселелер, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча терең пикир алмашканын белгиледи.

Эксперттер   ошондой   эле   КР   УИАнын Биотехнология   институтунда,  

П. Гана   атындагы   Токойлорду   изилдөө    илимий – өндүрүштүк   борборунда,

Э. Гареев атындагы  Ботаникалык бакта болушту.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер