Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАсына Кытай илимдер академиясынан өкүлдөрү келди

Аталган делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына “Бир кур, бир жол” концепциясынын алкагынын негизинде сапарын жасады. Кытай өлкөсүнүн бул туру Улуу Жибек жолун болото жайгашкан 9 өлкөнү кыдырып чыгууга багытталып, анын ичинде алар биринчилерден болуп Кыргызстанга келишти. Жолугушууда эки өлкө илимдер академиялары аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууга Кытай илимдер академиясынын Искусство борборунун жетекчиси – Ван Вэйтянь (WANG WEITIAN), “Жибек жолу” маданий турунун жетекчиси – Сун Цзяньцинь (SONG JIANQING) жана Пекин «Чжумэн Тяньчэн» маданий борборунун жетекчиси – Жэнь Голян (REN GUOLIANG) катышып, аларды КР УИАнын президентинин кеңешчиси, профессор Ч.У.Койчуманова жана КР УИАнын президиумунун Эл аралык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – Б.Руслановалар кабыл алды.

Делегациянын иш сапарынын негизги максаты – Кытай илимдер академиясы менен КР УИАнын ортосундагы маданий жана илимий-техникалык тажрыйба алмашууларды алга жылдыруу болуп саналат. Андан сырткары жолугушууда кызматташуунун ар кыл багыттары дагы эске алынды. Ошондой эле эки тарап биргеликтеги кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча Меморандумга кол коюну чечти. Кытай илимдер академиясынын өкүлдөрү алдыдагы кызматташуу менен тереңден таанышуу максатында КР УИАнын президенти М.С.Жуматаевди өлкөнүн илимдер академиясына чакырды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер