Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Абдылдажан Акматалиевдин жаңы эмгектери жарык көрдү

Адабияттын астанасын аттаганда эле Айтматовдун ааламына өзүнүн бүткүл өмүрүн арнап, конкреттүү жүздөгөн конференцияларды уюштуруп, илимий изилдөөлөрдү жазып, ыр-поэмалардын циклдерин арнап, эл аралык клубдар ассоциациясын ачып, эстеликтерин коюп, китепкананын атын берип, жаш айтматовтаануучуларды тарбиялап, чет өлкөгө жайылтып келе жаткан адабиятчы, академик Абдылдажан Акматалиевдин жакында “Чингиз Айтматов” жана “Маектер, көз караштар жана пикирлер” (208 бет) деген эки китеби жарык көрдү.

Аталган китептер дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун быйыл өтүп жаткан 90 жылдыгына карата арналган.

Орус тилинде жарык көргөн китебинин көлөмү 792 бет. Анда Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кеңири планда чагылдырылган. Өзгөчө “Кыямат жана дүйнөлүк адабият”, “Айтматовдун космосу – Аалам жана Адам”, “Адам жана Жаабарс”, “Чоор – сүйүүнүн символу”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Айтматов, Манас жана эмбрион”, “Ата конуш жана Айтматов”, “Айтматов Айтматовдой сүйө алган” сыяктуу көлөмдүү жана терең илимий анализделген макалалары, Чыңгыз Айтматовдун жашоосуна байланыштуу “Айтматов жөнүндө этюд” деген күндөлүгү, ошондой эле жазуучунун бийлик, коом, жаратылыш ж.б. менен болгон мамилеси маектерде көрсөтүлгөн.

Китептер жалпы окурмандарга арналган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер