Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)” китебинин бет ачаары болот

3-июлда саат 10.00дө КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту уюштурган тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)” жана Жусуп Абдракман уулунун “Кыргызстан” деген эмгегинин бет ачаары болот.

“Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)” (“Кırgızıstan’da cedidçilik hareketi (1900–1916)“ (Ankara, 2018. которгон: Али Үнал)) аттуу эмгекте ХIХ кылымдын аягы–ХХ кылымдын баш чениндеги алгачкы агартуучулук, кийин коомдук-саясий кыймылга айланган жадидчилик кыймылынын Кыргызстанда да таралышы, аймактагы диний билим берүү менен катар эле табигый жана коомдук илимдердин негизин окуткан жаңы усулдагы мектептер, жадидчилердин коомдук-саясий иш аракеттери, улуттук билим берүү башатында турган агартуучулар, ошондой эле алардын татар, башкыр жана жалпы эле Түркстан аймагындагы интеллигенция өкүлдөрү менен байланыштары чагылдырылган.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы араб арибинде жарыкка чыккан “Кыргызстан” деген чакан эмгегиндеги маалыматтар, фактылар бүгүнкү күнү дагы актуалдуулугун жогото элек. Бул эмгек кириллицага оодарылып, түшүндүрмөлөр менен жабдылып, изилдөөчүлөр, студенттер, деги эле жалпы тарыхка кызыккандар үчүн булак катары кызмат өтөй алат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер