Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин “Асыл ойлор антологиясы” китебинин бет ачаары өттү

25-июнда КР УИАда Кыргыз Эл жазуучусу, Эл агартуунун отличниги Калканбай Ашымбаевдин “Асыл ойлор антологиясы” китебинин бет ачаары болду. Анда жазуучунун өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө сереп салынып, чыгармачылыгына баа берилди.

Белгилүү философ, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Теңдик Аскаров жазуучуну кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы өзүнчө изи жана жолу бар белгилүү авторлордун бири экендигин белгилеп: “Калканбай Ашымбаевич айтаар оюн философиялык жана турмуштук этюддар менен берген, тилдин уңгусун мыкты билген адабиятчылардын бири. Тилдин байлыгын, лексикасын, философиясын жана психологиясын мындай деңгээлде ачып берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт.Жазуучунун чыгармаларын чарчаган убактарда окуп эс алып, эмгектеримдин үстүнөн иштеп жатып сөз таппай калган учурларда колдонуп жүрөм. Чыгармаларынын арасынан “Азат көчү” деген тарыхый романы жөнүндө айтып өтсөм, анда жалпы кыргыз элинин тагдырына тиешелүү социалдык чоң өзгөрүүлөргө бай маселелери тууралуу сөз болуп, жүз жыл мурда элдин кандай турмушта жашап, кандай окуяларга туш болгондугу, кагылышуулар жөнүндө баяндалат. Китептен бир кылым мурунку суроолордун жообун табууга болот. Ал эми жаңы жарык көргөн “Асыл ойлор антологиясы” чыгармасы болсо азырынча маани-мазмуну боюнча теңдеши жок жалгыз китеп”, – деди.

Жазуучунун кезектеги “Асыл ойлор антологиясы” чыгармасынын өзөгүн кыргыз адабиятынын философиялык жаатындагы притча, афоризм, санат, терме сөздөргө жык толгон асыл ойлор түзөт. Китептин баш сөзүн филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева жазган. Эмгектин мазмуну “Даанышмандык дарс”, “Мамбеталынын айтканы”, “Кадимден калган сөз – карыда”, “Жети акелердин мурастары” деген бөлүктөрдөн турат. Буга чейин автордун жыйырмадан ашык роман, повесттери, беш жүздөн ашык очерк, публицистика, фельетон жанрындагы көркөм чыгармалары жарык көргөн.

Бет ачаарга КР УИАнын окумуштуулары, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, жазуучунун туугандары жана автордун чыгармаларына кызыккан окурмандары катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер