Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ала-Арча көрүстөнүндө КР УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду эскерүү зыйнаты өттү

21-июнда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө КР УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду эскерүү зыйнаты өттү. Иш-чаранын алкагында академиктин эстелигинин ачылышы болуп, “Какин Сулайманкулов: “Илимде оңой жол жок” аттуу китеп да жазылгандыгы, бул китеп белгилүү окумуштуунун өмүр жолуна, талыкпаган эмгегине арналгандыгы жөнүндө сөз болду.

КР УИАнын президенти, академик М.С.Жуматаев Какин Сулайманкуловдун адамдык касиети, илимге берилген мээнеткечтиги жөнүндө айтып келип, буларга токтоду:

– Убакыт өтсө да улуу кишинин орду толгустугу, чоң жоготуу болгондугу билинип турат эмеспи. Какин Сулайманкуловичти жоготуу илим үчүн чоң жоготуу болду. Ал улуу окумуштуу, педагог, коомдук ишмер, жакшы ата, инсан эле. Какин агай 600дөн ашык илимий эмгектин автору, бир нече патенттин ээси, дагы баса белгилей турган нерсе – ал дайыма изденген окумуштуу болчу. Өмүрүнүн аягында да өндүрүшкө киргизе турган идеялар менен алпурушканы жаткан. Окумуштуунун эстелиги – анын идеялары жазган эмгектери кийинки муундагы окумуштуулардын эмгектеринде, өзү эмгектенген институтта эмгектин уланышы.

IMG 1965Академик Какин Сулайманкуловдун шакирти, академик Бектемир Мурзубраимов устаты жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

– Какин агайдын шакирттери КМШ чөлкөмү боюнча жайылып, үзүрлүү эмгектенип жатышат. Мен дагы илимий эмгегимди жактаганда устатымдын тазалыгын, эмгекчилдигин көрүп үлгү туттум. Какин агайды билгендер, шакирттери анын ишин улайт, эстеп жүрөт деп ишенемин.

Эскерүү зыйнатына Улуттук илимдер академиясынын жана окуу жайлардын окумуштуулары, бийликтин өкүлдөрү катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер